Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Зулумдук көргөн адамдын дубасы




Зулумдук көргөн адамдын дубасы


Хорасан акими Абдуллах бин Тахир өтө адилеттүү адам эле. Адамдары бир нече ууруну кармап, ага кабарлашат. Уурулардын бири качып кетет. Ошол убакта Хираттык бир уста Нишапурга барган болучу. Бир түнү үйүнө кайтып келе жатканда аны ууру деп кармашат. Уурулар менен бирге акимге алып барышат. Ал: "Камагыла, - дейт.

Уста түрмөдө даарат алып, намаз окуду. Колун жайып: "Йа, Раббым. Күнөөлүү эмес экенимди жалгыз гана сен билесиң. Мени бул зындандан сен гана куткара аласың”, - деп дуба кылды. Аким түндө түшүндө төрт күчтүү адам келип, тагын оодарайын деп жаткандарын көрүп ойгонот. Дароо даарат алып, эки рекет намаз окуйт. Кайрадан уктоого жатты. Дагы да ошол түштү көрүп ойгонду. Өзүнөн зулумдук көргөн адамдын нааразылыгы бар экенин түшүндү.

Дароо ошол түнү түрмөнүн башчысын чакырып: "Түрмөдө зулумдук көргөн адам барбы?” - деп сурайт. Ал: "Билбейм, бирок, бирөө намаз окуп, көп дуба кылат, -  дейт. Аны алып келтирип абалын сурап, күнөөсүз экенин билди. Кечирим сурап, мындай деди:

- Кечир, миң күмүш сыйлыгымды ал жана кандайдыр бир тилегиң болсо мага кел.

- Кечирдим, сыйлыгыңды кабыл кылдым. Бирок, тилегимди сенден сурап келе албаймын.

- Эмнеге келе албайсың?

- Анткени, мен сыяктуу бир кедей үчүн сен сыяктуу султандын тагын бир нече ирет тескери оодарган Эгемди таштап, тилегимди сенден сураганым туура болобу? Намаздан кийин окуган дубаларым аркылуу мени канчалаган кыйынчылыктардан куткарды. Канчалаган максатыма жеткирди. Кантип мен башка адамга сыйынамын, ага кантип барамын?

Уста султандын жанынан кетип, элине кайтты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш