Индияда жашаган улуу олуялардан болгон. Өз аты
Фаридуддин Масуд. Төрөлө электе эле кереметтери байкалган. Рамазандын
башталганын билдирүүчү жаңы ай көрүнбөй, эл эртеңки күнү орозо кармаарын же
кармабасын билбей турган эле. Генжи Шекердин атасы Жемаледдин Сулеймандан фатва
суроого келишет. Ошол учурда бир адам чыгып: "Эмнеге тынчсызданып
жатасыңар? Бүгүн түнү Жамаледдин Сулеймандын үйүндө бир бала төрөлөт. Эгер бала
бүгүн түндүн жарымынан кийин энесин эмбесе, анда, ай көрүндү дегенди билдирет”,
- деди. Соор убактысында Жамаледдин Сулеймандын үйүнө барып энесинен түн
ортосунан кийин баланын эмбей койгонун сурап билишкенден кийин эл орозо
кармоону башташат. Рамазан айы бою бул бөбөк күндүз энесин эмбеди. Жалгыз гана
ооз ачуу убактысы менен соор убагы арасында гана эмчү эле.