Бир күнү катуу суусайт. Кудуктан суу алууга челеги
жок болгондуктан эмне кылаарын билбей турганында эки кийик келип, кудуктагы
суунун көтөрүлгөнүн көрөт. Кийиктер суу ичип ал жерден алыстап кетишет. Генжи
Шекер кудукка жакындаганда суу кайрадан төмөндөп кетет. Буга таң калып:
"Эй, Раббым, мунун хикматы эмне?” - дейт. Мындай добуш угат:
"Жаныбарлар рахметиме ишенип, сууга жетишти. Сен челекке ишенгениң үчүн
суудан куру калдың.” Буга катуу өкүнөт. Тообо кылып, истигфар айтып, 40 күн
орозо кармайт. Андан кийин оозуна салгандары шекерге айланат.
Мечитке келе жатып, буту тайып, ылайга толгон
чуңкурга кулап түшөт. Оозуна кирген баткактар шекерге айланып кетет. Устазы
Куббиддин Бахтияр хазреттери мындай деген экен: "Ылай оозуңда шекерге
айланганына караганда Аллаху таала сени таттуу адам кылат. Жагымдуу, таттуу
сүйлөй турган болосуң. "Ушул окуядан кийин адамдар аны Шекер Генж деп атай
башташкан. Көп орозо кармачу жана кээде ооз ачарлык нерсе таппай калчу. Бир
түнү курсагы ач кезде оозуна майда таштарды салат. Булар шекерге айланып кетет.
Устазы аны "Генжи Шекер” (шекер казынасы) деп атайт.
Төөлөрүнө кап-кап шекер жүктөгөн соодагерге эмне
алып бара жатканын сураганда соодагер тамашалап: "Туз”, - деп айткан.
"Макул, туз болсун”, - деп айтат. Соодагер Дели шаарына келип, шекерлеринин
тузга айланганын көрүп аң-таң болот. Артка кайтып барып Генжи Шекерден кечирим
сурайт. Ал: "Макул, шекер болсун”, - дегенде туздары кайрадан шекерге
айланат.