Баязид Бистами хазреттери бир түнү бир нече
шакирттери менен бирөөнүн үйүндө конок болот. Үй ээси жарык болсун деп бир
чырак жагат. Баязид Бистами хазреттери үй ээсинен мындай деп сурайт:
- Мына бул чырак күйүп турат, бирок, жарык бербей
жатат. Мунун хикматы кандай болду экен?
- Устаз, биз бул чыракты бир түн колдонуу үчүн
коңшудан аманатка алган элек. Сиздер конокко келген соң бүгүн экинчи түн
колдонуп жатабыз, балким, ошондон чыгар?
Баязид Бистами хазреттери чыракты өчүрүп:
- Чыракты ээсине кайтарып бергиле. Эгер аларга
керек эмес болсо анда дагы бир түн колдонуп турууга уруксат сурагыла! – дейт.
Үй ээси чыракты коңшусуна алып барып, болгондорду
айтып, чыракты дагы бир түн колдонууга уруксат алат. Үйгө келип чыракты кайра
күйгүзөт. Бул жолу бөлмө абдан жарык боло түштү. Баязид Бистами хазреттери:
- Мына эми жарыкты көрүп турам, – деп айтты.