Юнус Эмре


Юнус Эмре – сопулук (тасаввуф) өкүлү. Хакка ашык улуу инсан. Ырлары кылымдар бою сүйүлүп, ибрет менен окулган. Кыскасы, Орто Азия элдери үчүн Хазрети Ахмед Яссави кандай орунду ээлесе Юнус Эмре дагы Түркиялыктар менен Балкан элдери үчүн ошондой кадырлуу. Күмбөзү Эскишехирдин Михалычжык дубанына караштуу Юнус Эмре деген айылында жайгашкан. Башка жерлерде да мазары бар экендиги айтылат.

1948-жылы Анкара-Эскишехир темир жолу салынып жаткан кездерде жол Юнус Эмренин кабырынын үстүнөн өтө тургандыктан бузула турган болот. Бирок, жумушчулар канча аракет кылышса да муну жүзөгө ашыра алышпайт. Жада калса, бир жолу төшөлгөн рельстердин ажырап, 8-10 метрге учуп түшүп калганы байкалган.

Ушуга байланыштуу жакын жердеги дөбөгө көчүрүү иштери ойлонуштурулат. Бул ишти беш адамдан турган бир кеңеш уюштурган эле. Башка эч кимдин кабары жок болгон эле. Даярдык иш чаралары аякталат. Эртеси таң эрте эч кимге айтпастан аны көчүрөбүз деп ойлошот. Таң эрте кабырдын жанына барган беш кишилик кеңеш отуз миңден ашуун адамдын ошол жерге жыйналгандыгын көрүшөт. Бул адамдар кандай укканын түшүнө албай калышат. Юнус Эмренин кабыры дыкаттык менен ачылат. Жети жүз жыл өтсө дагы денеси эч чирибеген, бир колу жүзүндө, бир колу жүрөгүнүн үстүндө, уктап жаткан адам сыяктуу эле. Денеси ал жерден алынып, табытка салынып, жүз метр жердеги мазарга көчүрүлөт. Жүз метрлик жерге 3 саатта араң жетет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш