Илгери бир падыша бир аалымды өтө кадырлаган экен.
Бул адам падышага ар дайым мындай деп насыйкат айтат экен: "Падышам,
жакшылык кылган адамга жакшылык кыл! Жамандык кылган адамга жаза катары өзүнүн
жамандыгы эле жетиштүү болот.” Бул аалымды вазирлеринин бири көралбай падышага
арызданат:
- Падышам! Тиги аалым сиздин оозунузду сасык деп
айтып жүрөт.
- Сөзүңдүн чын экендигине кандай ишенемин?
- Аалымды алдыңызга чакырыңыз, эгерде сизге
жакындаганда мурдун жапса анда сөзүмдүн чын экени белгилүү болот.
Көралбас вазир падышадан мурда аалымды өзүнүкүнө
тамакка чакырып, сарымсак кошулган тамак берет. Бираз убакыт өтүп падышанын
алдына барганда падыша ага өзүнө жакындоосун айтат. Аалым жакындаганда оозунда
сарымсактын жыты бар экени эсине түшүп колу менен оозун жабат. Аалымдын бул
мамилесин көргөн падыша вазири айткан сөзгө ишенип калат. Бир кагазга "Бул
катты алып келген адамдын башын ал!” деп кат жазып, оролгон катты аалымга
берип, баш вазирге тапшыруусун жана андан бир сыйлык алуусун айтат. Аалым бул
катты алып келе жатып жолдо баягы вазирди көрөт. Падышанын буйругу менен сыйлык
алуу үчүн баш вазирге бара жатканын айтат. "Сыйлык” деген сөздү уккан
вазир "катты мага берсеңиз, мен алып барсам” деп жалынганда аалым катты
ага берет. Ошентип, катты алып барган көралбас вазирдин башы алынат.
Аалым адаттагыдай кайрадан падышанын алдына барат.
Падыша аны көрүп таң калып, сурайт:
- Сен катты эмне кылдың?
- Катты алып бара жатсам сиздин вазирлериңиздин
бири катты берүүмдү сурады, ошого бердим.
- Кече ошол вазир мага сенин "Өкүмдардын оозу
сасыйт” деп айтып жүргөнүңдү айтты. Ушул чынбы?
- Андай эч нерсе айтпадым.
- Андай болсо эмнеге кече алдыма келгенде оозуңду
жаптың?
Аалым ошол вазирдин аны тамакка чакырып, сарымсак
кошулган тамак бергенин жана сарымсактын жыты менен падышанын тынчын албоо үчүн
оозун жапканын айтат. Ошондо падыша аалымдын өзүнө айткан насаат сөзүн мындай
деп кайталады: "Жаманга өзүнүн жамандыгы жетиштүү болот. Көралбаган вазир
жазасын алды.”