Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Ата каргышын алган жигит




Ата каргышын алган жигит


Мубарек күндөр, айлар жана түндөр адамдар үчүн өтө чоң табыштарга себепчи болгон мүмкүнчүлүктөр болуп саналат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа «саллаллаху алейхи ва саллам» хадиси шарифинде мындай деген:«Кимдир бирөө Аллаху тааланын айы болгон Ражаб айында бир момун боордошун кам жана кайгысынан куткарса Аллаху таала ага Фирдауста көрө алганчалык чоң кооз сарай ихсан кылат. Ойгонгула, өзүңөргө келгиле жана Ражаб айына урмат жана икрам кылгыла, Аллаху таала да силерге икрам жана ихсан кылсын».

Дин улуулары мындай дешкен:

«Жыл бак сыяктуу. Ражаб айы бактын жалбырак ачкан, Шабан мөмө байлаган, Рамазан болсо ал мөмөлөрдү жыйноо мезгили сыяктуу. Ражаб Аллаху тааладан магфират, Шабан шапаат, Рамазан сооптордун эселеп көбөйгөн айы». Зүннун Мысри хазреттери мындай деген: «Ражаб – урук себүү, Шабан – сугаруу, Рамазан болсо – жыйноо айы. Б.а, эгип, сугарган эгинди жыйнай турчу ай. Ар ким эмне эксе ошону орот. Амалынын, ибадаттарынын жообун алат. Урук экпеген жыйым-терим мезгили келгенде өкүнүчтө калат.»

***

Хазрети Хусейин «радыйаллаху анх» мындайча бир окуяны айтып берген:

«Каабаны таваф кылып жатканда жалбарыңкы үн менен дуба кылып жаткан бирөөнүн үнүн уктук. Атам мага ал жигитти чакыруумду буюрду. Оң тарабы шал болуп калган бирөө эле. Ага мындай дедим:

- Сен кимсиң, сага эмне болду?

- Мен Меназил бин Лахыкмын. Музыкалык аспап чертүү менен, ыр ырдоо менен атагы чыккан, «Арабстандын артисти» деп таанылган кишимин. Дайыма напсимдин каалоолорунун артынан жүгүрчү элем. Ражаб жана Шабан айларында дагы бул күнөөлөрдү уланта берчү элем. Атам мени бул күнөөлөрдөн куткарууга аракет кылды. Бирок, мен анын насаатына эч чыдай албай, атамды урдум. Ал сынган көңүлү менен:

- Бул айларда орозо кармап, түндөрү ибадат кыламын. Байтуллахка барып жамандыгыңан коргонуу үчүн Аллаху таалага дуба кыламын», - деди.

Бир апта орозо кармап, Каабага барып: «Эй, Раббим, уулуман менин акымды ал, аны шал кыл», - деп дуба кылды. Дубасы бүтө электе эле дароо оң тарабым шал болду. Муну көргөндөр мени «Атанын каргышына калган киши» дешет.

- Макул, атаң сенин бул абалыңа кийин эмне деди?

- Атаман кечирим сурап жалбардым. Анын аталык мээрими келип мени кечирди. Бирок, мага баддуба кылган жерден (мени каргаган жерден) менин шыпаа табуу үчүн Байтуллахка (Каабага) келе жатканда жолдо кайтыш болду. А мен азыр чарасыз абалда калдым...

Хазрети Хусейин мындай деди:

- Атам бул жаш жигитке дуба кылды. Ражаб айында кылган бул дубанын беркеси менен Аллаху таала ага шыпаа берди...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш