Бир кары
кишинин аялы үйдө каймак тартчу экен, күйөөсү болсо даяр болгон каймакты күн
сайын жакын тегеректеги дүкөндөргө алып барып өткөрүп, ушуну менен күн көрүшсү
экен. Дүкөнчү киши каймакты тартпастан эле алып жүргөн. Бир күнү кызыгып
таразага тартып текшерип көрүүнү чечти. Алып келип таштаган каймакты тартып
көрсө 900 грамм болгонун көрүп ачууланды да, эртең дагы келгенде эсептешип,
мындан ары каймагын да албаймын деди. Эртеси күнү тиги карыя колунда каймагы
менен дүкөнгө кирди, дүкөнчү аны жаман көзү менен карап, «мындан ары сенден
каймак албаймын» деди. Карыя муну түшүнө албайм, туура эмес бир иш кылдымбы деп
сыпайы сурады. Дүкөнчү ачуу тили менен: «Алып келген каймагыңды тарттым, 900
грамм экен, уят эмеспи алдаганың», - деп атарылды. Карыя уялып башын жерге
салды да: «Кечиресиз, биздин таразабыз жок, сизден бир кило шекер алган элек,
ошону таразынан ордуна колдонуп жүрөбүз», - деди. Дүкөнчү уялганынан бети
кызарды. Дүнүйө ушундай... Кимди канчалык бааласаң ошончолук баа табасың ...