Суроо: Тирүү кезинде Жаннат менен сүйүнчүлөнгөн
Хазрети Омар ошончолук адилеттүү болсо дагы акыреттеги боло турчу эсептен
коркчу беле?
ЖООП
«Менакыб-ы Чихар Йар-и Гузин» китебинде мындай
делген:
«Хазрети Омар халифа кезинде кароолчулардын ордуна
шаар көчөлөрүн жеке өзү кыдырып, каерде кемчилик көрсө аны калыбына келтирчү.
Ушунчалык этияттуу болгонуна карабастан дайым ыйлай турган. Ага элдер:
- Эй, момундардын башчысы, мынчалык коркуп ыйлооң
эмнеликтен? – дешкенде жооп катары:
- Эгер Эфрат дарыясынын жээгинде жүргөн бир кой
ооруп калып, анын оорусуна бир дары жасашпаса кыямат күнү аны менден сурай
тургандыктарынан коркомун, - деди.
Хазрети Омар ушунчалык такыбаа жана вараа ээси
эле. АБдуллах бин Амр бин Ас хазреттери мындай дейт: «Хазрети Омар кайтыш
болгондон кийин «Йа, Рабби, түшүмдө Хазрети Омарды мага көрсөт» деп дайыма дуба
кылчумун. Он эки айдан кийин дубам кабыл болуп, түшүмдө көрдүм. Аны гусул алып,
пештамалын кармаган абалда көрдүм да ага мындай дедим:
- Эй, момундардын башчысы, Аллаху тааланын алдында
кандай жай таптың? Мындай деп жооп берди:
- Эй, Абдуллах, силерден ажыраганыма канча убакыт
болду?
- Он эки ай, - дегенимде мындай деди:
- Азыркыга чейин эсепте турган элем. Иштеримде
куруп кетүү коркунучунда турдум. Эгер Аллаху тааланын мээрими ачуусунан
ашпаганда чарасыз калып, абалым курумак. Азыр болсо мен жана сен ушуну билели,
дептерлерди күнөө менен каралаган экенбиз. Мен жана сен таат жана жакшылыкты
шамалга учурган экенбиз. Мен жана сен жүзүнүн суусун Аллаху таала жана
Расулунун алдында жерге төккөн экенбиз. Алдында адепсиздик кылыппыз. Мен жана
сен дүнүйө оокаты менен мактанып, аны менен алек болуп, акырет камын көрбөппүз.
Омар бин Хаттаб хазреттеринин абалы ушундай жерде
эле, ал дүнүйөдө күн көрүүдөн артык оокат кармачу эмес. Анда болсо биздин, аси
болгон кулдардын жана акыретти дүнүйөгө берген колу катуу сараңдардын, балким
акыретти башка бирөөнүн дүнүйөсүнө берген пас адамдардын абалы кандай болот?»