Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Сүйгөн кул, сүйүлгөн кул




Сүйгөн кул, сүйүлгөн кул


Бир күнү Хызыр алейхиссалам мончодо жуунуп жаткан бир карыянын жанына барат. Карыя өз алдынча жуунуп жаткан болот. Хызыр алейхиссалам ага:

- Эй, ак сакал! Жаштыгыңда карыларга жардам бергениңде азыр бул жаштар сага да жардам беришмек. Кары киши мындай деп жооп берет:

- Мен жаштыгымда карыларга жардам берчүмүн, бирок, азыркы замандын жаштары жардам бергис болушуптур.

Хызыр алейхиссалам бир тараптан карыянын далысын жышып жатып бир тараптан кепти улантат:

- Анда демек, кылган жардамдарыңды чын көңүлүң менен каалап кылбаган экенсиң, Аллаху тааланын сүйүүсүн табалбаган экенсиң, болбосо кылган жакшылыгыңдын натыйжасын кантип көрбөй коймок элең?

Карыя киши айтат:

- Эгер кылган жакшылыктарымды Аллаху таала үчүн кылбаганымда, Анын сүйүүсүнө жете албаганымда Аллаху таала бүгүн менин далымды Хызыр алейхиссаламга жышытат беле? Хызыр алейхиссалам уккандарына таң калат. «Йа, Рабби, мага берген сүйгөн кулдарыңдын тизмесинде бул кишинин аты жок, бул кандай иш?»

Аллаху тааладан мындай деген кабар келет: «Эй, Хызыр! Биз сага бизди сүйгөндөрдүн тизмесин бердик, бирок, биз жакшы көргөн кулдардын тизмеси бизде.» Хазрети Мавлана Жалаледдин Руми мындай деген: «Адамдын көңүлүндө берген сайын көбөйчү нерселер жашырылган. Бул казыналардын башында «сүйүү» турат. Бир дос бир доско бере ала турчу белектерден кээ бирлери мына булар – ырахат тартуулачу бир «жылмайуу», көңүлгө кубат берчү бир «жылуу сөз», көңүл көтөрө турчу бир «мактоо», жакшы маанай тартуулачу бир «тамаша», ачууну басып сиңирип алчу «айкөлдүк», «жагымдуу мамиле», Аллаху тааланын ырайымына себеп кылчу бир «жакшы дуба».


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш