Бишр Хафи хазрети олуялардын улууларынан
болуп саналат.
Бир күнү нафил ажылыкка бара турчу бир киши аны
зыярат кылууга келип: «Мен ажылыкка бара жатам, мага айта турчу сөзүңүз,
тапшыра турчу бир ишиңиз барбы устаз?» - деп сурайт.
«Каржылык канча акчаң бар?» - деп сурады олуя.
«Эки миң дирхам каржым бар», - деди. Бишр Хафи
хазирети:
«Ажылыкка баруу менен зухдду ойлоодосуңбу же
Каабага болгон ашыктыгыңдыбы же Аллах ыраазылыгынбы?» - деп сураганда тиги
киши:
«Аллах ыраазылыгын ойлоодомун», - деп жооп берди.
Ошондо Бишр Хафи хазирети:
«Андай болсо сен бул эки миң дирхамды карызын
төлөй албай жаткан бир кедейге, тамак-ашы жок кембагал бирөөнө, бала-бакырасы
көп, турмушу тар бир үй-бүлөгө, жетим багып жаткан кишиге жана ушулар сыяктуу
он кишиге жыйырмадан дирхам, эгер кааласаң баарын тең ушулардын бирөөнө бер.
Себеби, мусулманды кубантуу, кыйналгандарга жардам колун созуу, кыйынчылыктан
арылтуу жана алсыздарга көмөктөшүү нафил катары кылынган жүз ажылыктан да
сооптуу. Туруп, мен айткандай кыл. Эгер ушул мен айтканды кылууну каалабасаң
анда көңүлүңдөгүнү жашырбай айт», - деди.
Коштошууга келген киши:
«Чынын айтсам көңүлүмдө ажылыкка баруу деген
тарабым оор басып турат», - деди. Ошондо улуу олуя Бишр Хафи хазирети тиги
кишини күлүмсүрөп бир карады да:
«Акча шектүү жерден табылганда напси өз
арзууларынан биринин орундалуусун жана салих амал кылгандыгын көрсөтүүнү
каалайт. Бирок, Аллаху таала бир гана арамдан сактанган кишинин амалын кабыл
кылат», - деди.