Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Жеген тамагыңа көңүл бөл




Жеген тамагыңа көңүл бөл


Олуянын улууларынан Бахаэддин Бухари хазреттери тамак маселесинде өтө дыкат эле. Тамакты бышырган киши эгер «ачуулануу менен» бышырган болсо же «көңүлсүздүк менен» бышырган болсо муну билип койчу да тамакты жечү эмес. 

Бир күнү бул улуу затты тамакка чакырышат. Келип дасторконго отурат. Бирок, тамак жебейт. Үй ээси буга капа болуп:

«Устаз, тамактар адал жана таза эле, эмне үчүн жебей жатасыз?» - дейт. Улуу олуя:

«Билем, бирок, бул тамакты бышырган киши ачуулуу абалда бышырган, анын ачуусу бышырган тамагына сиңип кеткен!» - деди.

***

Дагы бир жолкусунда жакшы көргөн шакирттеринен бири: «Өзүмдү жакшы сезбей жүрөм устаз, эмне кылсам экен?» - деп сурайт.

Улуу олуя:

«Жеген тамагыңа көңүл бөл. Тамак гафилдик менен (Аллаху тааланы унуткандык менен) бышырылса же көңүлсүздүк менен бышырылган болсо аны жеген кишинин абалы бузулат жана күнөө кылуусу жеңил болот», - деди.

Анан: «Эгер көңүлдүү бышырылган болсочу устаз», - деп сурашканда:

«Анда шыпаа болот. Аны жеген адам кылган ибадатынан ырахаттык алат», - деди.

***

Бул улуу заттын достору:

«Устаз, аалым деп кимди айтат?» - деп сурашты бир күнү. Жообунда:

«Жарык менен караңгылыкты айырмалаган адамды. Башкача айтканда, хакты батылдан, туураны жаңылыштан айырмалай алган адамды аалым деп айтат. Бул аалымдардын өзгөчөлүгү мурунку аалымдардын билдиргендерин накыл кылат, өз оюнан бир нерселерди кошпойт. Өзүнүкүн кошкон киши аалым делбейт», - деп айтты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш