Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Хызыр алейхиссалам түздөгөн дубал




Хызыр алейхиссалам түздөгөн дубал


Кахф сүрөсүндө Муса алейхиссалам менен Хызыр алейхиссалам бирге болгон сабак ала турчу ибрет толо саякаттары баяндалат. «Рух-ул-баян» тафсиринде бул аяти карима мындайча тафсир кылынган: Хазрети Муса менен Хазрети Хызыр бир шаарга келишет. Жыгылып кетейин деп турган бир дубалга туш болушат. Хызыр алейхиссалам колу менен дубалды түздөйт. Себебин болсо мындайча түшүндүрөт: «Бул дубал эки жетим балага таандык. Алдында болсо бир казына жатат. Түздөбөсөк жыгылып калмак, астында жаткан казына болсо башкалардын колуна тиймек. Бул жетим балдардын атасы салих адам эле. Раббибиз бул эки баланын атасы салих болгондуктан аларга мээрим көрсөттү да бул дубалды түздөөмдү буйрук кылды.»

Аты аталган тафсирде ал казынанын алтын рамка экендиги жазылган. Рамкада Бисмиллахтан кийин мына бул жети насаат бар:

1- «Бардык нерсе Аллаху тааланын тагдыр кылуусу менен боло тургандыгына ыйман келтирген бир адам кантип кайгырсын?» Хазрети Али мындай деген: «Сабыр кылсаң калем жазган нерсе болот, сооп табасың. Сабыр кылбасаң баары бир калем жазган нерсе болот, күнөөкөр болосуң.»

2- «Ырыскылардын бөлүштүрүлгөндүгүнө ынанган адам кантип ырыскысынан тынчсызданат?» Кургакта, деңизде жана асманда жашаган бүткүл жандуулардын ырыскыларын жөнөткөн Раббибиз биздин ырыскыбызды да жөнөтөт.

3- «Өлө тургандыгына ишенген адам кантип мына ушул кыска түш сыяктуу өткүнчү болгон бул дүнүйөнүн жашоосуна көңүлүн алдырат?» Хасан Басри хазреттери каткырып күлүп жаткан бир жаш жигитке жолугат. Ага мындай дейт: «Ыйман менен кете тургандыгыңа ишенип турасыңбы? Кабырда Мункар менен Накир периштелеринин суроолоруна туура жооп бере аласыңбы? Кыямат күнү таразаңдын кем тарабынын оор баса турганын билесиңби?» Жаш жигит бул суроолордун ар бирине «жок» деп жооп бергенде: «Андай болсо бул каткырыктарыңды кантип түшүнсө болот?» - дейт. Ошондон кийин ал жаш жигиттин каткырып күлгөнүн эч ким көргөн жок.

4- «Бүткүл кылган иштериң тууралуу эсепке тартыла тургандыгын билип туруп кантип ал күнгө даянданбайт?»

5- «Тозоктун отундары адамдар жана таштар экендигин билип туруп күнөө иш кылуудан кантип сактанбайт?»

Күйүү өтө кыйын. Дүнүйөдөгү оттун өзү эле күйгүзө турган болсо денени сыздатат. Адам баласы өзүн Тозокко таштата турчу иштерден кантип сактанбайт?

6- «Бейиштин чексиз бакыт мекени экенин билип туруп адамдар кантип ага жетүүгө, ал жакшылыктарды табууга аракет кылбайт?»

Кайсы иштерди орундасак бейиштик, кайсы иштерди кылсак тозоктук боло тургандыгыбызды жакшы билебиз. Жолдун экиге бөлүнгөн жеринде турабыз. Бирөөнү тандоого мажбурбуз.

7- «Адам атабыздан бери бизге душман болгон шайтанды адамдар кантип өзүнө дос кылышат, кантип анын айткандарын кылууга аракеттенишет?»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш