Сараңдык оту


Пайгамбарыбыз алейхиссалам Каабаны таваф кылып жаткан бир кишинин көз жашы куюлуп: «Эй, Каабанын ээси, байттын (Каабанын) урматына мени кечире көр» деп сыздап дуба кылып жатканын көрүп мындай деди:

- Сен мынчалык жалбарып жатасың, кандай күнөөң бар?

- Өтө чоң, түшүндүрүп берүүм мүмкүн эмес.

- Убал болду! Жерден да чоңбу, жерден да оорбу?

- Ооба.

- Кызык! Деңиздерден да чоңбу?

- Ооба.

- Асмандан да чоңбу?

- Ооба.

- Арштан да чоңбу?

- Ооба.

- Аллахтын мээриминен да чоңбу?

- Жок.

- Анда эмне экен?

- Мен абдан баймын. Менден кымындай бир нерсе суралганда ичимди заматта бир от каптап, бир тыйын да чыгарып бербейм.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам бул кишиге:

- Бул отуң менен бизди да күйгүзө көрбө! – деди. (Имам Газали)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш