Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Жоомарттык сыноосу




Жоомарттык сыноосу


Илгери Йемен өкүмдары абдан жоомарт киши болгон экен. Жоомарттыгы, кылган жакшылыктары ар тарапка жайылганына карабай Тай уруусунан болгон Хатим Таинин жоомарттыгы тууралуу айтылганда көтөрө алчу эмес экен. Ак сарайында элди жыйып эбейгейсиз зыяпат берет. Кедей бай дебей баары жейт. Анын бул жакшылыгын көргөн эл: «Өкүмдардыбыз укмуштуудай зыяпат берди, айтылуу Хатимге жете турган болду», - деп кобуранышат. Муну уккан өкүмдар ичинен чычалап, Хатимдин көзү тирүү кезде биринчи болууга мүмкүн болбой тургандыгын түшүнөт да аны өлтүрүүгө чечим чыгарат. Билеги күчтүү бир жигитти таап жыйырма алтынды колуна карматат. Ишин орундап келсе дагы жыйырма алтын берүүгө убада берет.

Жаш жигит сурап отуруп Тай уруусуна чейин келет. Маңдайы жарык, өзү сыяктуу баатыр бир жигитке кезигет. Бул сүйкүмдүү жигит айтат:

- Куш келипсиң эй жигит. Оболу чарчаган сыяктуусуң. Анда эмесе бул түнү меникинде конок бол.

- Өтө маанилүү бир жумушум бар. Кайра тез кайтып кетүүм керек.

Жакшылык менен кызмат кылууну жакшы көргөн үй ээси айтат:

- Кандай жумушуң бар, сага жардамым тийээр бекен?

- Эй, асыл адам, сен жоомартсың, жакшылык сүйгөн жигит экенсиң, сенден сыр чыкпай тургандыгы да белгилүү. Айтор, Хатим аттуу бирөөнү издеп келдим. Тааныйт болдуң бекен?

- Хатим менен эмне ишиң бар?

Келген конок эмне максатта келгенин ачык айтып берет:

- Бул иште мага жардамчы боло аласыңбы?

- Албетте, жардам берем. Бирок, бул оңой-олтоң иш эмес. Эгер сен мен айткандарга баш ийсек майдан кыл суургандай жеңил болмокчу.

- Эмне кылышым керек?

- Хатим дагы сен сыяктуу баатыр жигит. Балким өлтүрүүгө күчүң жетпейт. Мен сага анын каерде экенин айтайын. Эгер өлтүрө албай бетиң ачыла турган болсо анын каерде экенин айтып койгондугум үчүн келип мени өлтүрүшү мүмкүн. Ошон үчүн менин колу-бутумду байла. Кыйнап айттырып алган экен деп ойлосун.

Конок жигит үй ээсинин колу-бутун жакшылап таңгандан кийин сурайт:

- Хатим каерде турат?

- Хатим деген менмин. Менин башым сенин ишиңе жарай турган болсо анда эмне үчүн аны бербейин? Коноктун тилегин орундоо, көңүлүн табуу менин эң чоң арзуум. Дароо өлтүр да, эч ким көрө электе мындан кет!

Келген жигит эс-мас болот. Дароо Хатимдин бутуна жыгылып:

- Сени гүл жалбырагы менен урган киши зөөкүр болот. Мени кечире көр!... – деп жалынат.

Жаш жигит Хатим Таинин кечиримин алып, өкүмдарынын алдына кайтып барат. Болгон окуяларды төкпөй айтып берет. Өкүмдары да жакшылыктуу, жоомарт киши болгондуктан катасын түшүнүп: «Ташымал суу менен тегирмен ташы айланбайт тура. Жоомарттык мал-мүлк менен болбойт экен. Хатимдин жоомарттык касиети анын жаратылышынан, табиятынан, көркөм мүнөзүнөн чыгат экен. Сен берилген милдетиңди артыгы менен орундадың», - деп жыйырма алтындын ордуна кырк алтын берген экен.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш