Алты дары


Өз заманынын өкүмдары Имам Муса Казым хазреттеринин (рахметуллахи алейх) түрмөгө камалуусун жана кургак нан гана берилүүсүн буйрук кылган эле. Канча күн өткөнүнө карабастан Хазрети Имамдан эч кандай арыз жана жалбаруу келбеген соң буга кызыккан өкүмдар түрмөгө кишилерин жөнөтүп, анын бул чыдамкайлыгынын себебин билгиси келди. Ага барып: «Чоң кыйынчылык ичинде жатасың. Колу-бутуң чынжырлар менен байланып турса да жүзүң саргайып-соолуган эмес, ден-соолугуң бузулбаган экен. Мунун себебине кызыктык»,Муса Казым хазреттери (рахметуллахи алейх) мындайча жооп берди: «Алты дарым бар. Ошолорду колдонуп жатам.» Таң калып: «Ал кандай дарылар. Кана көрсөтүңүзчү?» - деп сурашты. Ошондо имам мындай деди:

«Биринчи дарым – Тобокел. Аллаху таалага таянып, Ага ишенем.

Экинчи дарым – Тагдырга ыраазылык. Аллаху тааланын тагдырына моюн сунуудамын, ага каршы чыкпоодомун.

Үчүнчү дарым - Машакатка сабыр.

Төртүнчү дарым – Үмүтсүздүккө түшпөө. Жыгылбадым, өзүмдү таштап жибербедим.

Бешинчи дарым – Менден да жаман абалда болгондорду ойлоп, ушул абалыма шүгүр кылуудамын.

Алтынчы дарым – Үмүт. Бир күн келет, бул жерден чыгуум мүмкүн деп үмүт менен жашоодомун, маанайымды бийик кармоодомун.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш