Хифа айым


Мединанын аялдары ары күлүмсүрөгөн, ары абдан сулуу эле. Бирок, Хифа айым өзгөчө сулуу жана да күлүмсүрөөсү да баарынан өзгөчө. Ушунчалык ажарлуу жана ушунчалык таза пейилдүү болгондуктан аялдар да аны өз жанындай жакшы көрүшөр эле. Уулу, агасы, эркек бир тууганы барлар кудалашып тууган болсок деп эңсешет. Аны чындап кысымга алып, ортого сөзү өтө турчу кишилерди салып, колун сурашат.Хифа айым булардын баарын бурулуп карап да койбостон Ааламдардын Мырзасы Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын астына барып:

- Эй, Аллахтын Расулу, мага Жаннатка алып бара турчу бир нерселерди үйрөтүңүз – дейт.

Чындыгында ал Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) «күндүзү орозо карма», же «түнү намаз оку» деген сыяктуу бир сунушун айтса керек деп ойлогон эле, бирок, Пайгамбарыбыз: «Алгач үйлөнүшүң керек, ушундайча диниңдин жартысын коргогон болосуң!» - деп буюрду. Хифа айым болсо бекем баш ийүүчүлүк менен мойнун бүгүп: «Сиз кимди ылайык көрсөңүз мен аны менен үйлөнүүгө ыраазымын», - дейт. Маалым болгондой ал учурда Хифа айым катардагы бир аял эмес эле жана аны никесине ала турчу эркектин да «өзгөчө» болуусу керек эле. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) бирөөнү да үмүттөндүрбөйт, бирөөнүн үмүтүн да сындырбайт. Дайыма кылгандай эле буга да жөнөкөй бир чара табат. «Эртең мечитке биринчи келген адам менен үйлөн», - деп буюрат. Пайгамбарыбыздын бул сунушу баарына жагат, ага үйлөнүүнү эңсеп жүргөндөр эрте туруунун камын көрүшүп, ар ким өз алдынча даярдык көрө башташат. Бул кабарды албетте Хазрети Сухейб дагы угат, бирок, буга маани бербейт. Себеби, ал кедей, эч кимиси жок зат эле. Үй-оокаты жок, курсагын кыйынчылык менен тойгузуп жүргөн Хазрети Сухейбдин бирде бак астында жатып демалганы, бирде мечит көлөкөсүндө отурганы көрүнчү. Узун бойлуу болгонуна карабай ушунчалык арык эле, шамал катуу урса учуруп кетчүдөй эле. Бирок, бул ишти карасаңыз, ошол түнү Аллаху таала бүткүл сахабаларга терең уйку берет, Хифа айымга талапкер болгондор көздөрүнө конгон бул уйкунун оорлугуна жеңилишет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) күндөгүдөй эле таң кирип жаткан маалда мечитке келип, чоң кызыгуу менен башында багы бар ошол сахаба ким экинин күтөт. Ошол маалда мечиттин эшигинен бир көлөкө узара баштайт. Кирип келген сахаба Сухейб эле. Намаздан кийин Пайгамбарыбыз Хифа айымды чакыртып, натыйжаны кабарлайт. Хазрети Хифа чоң баш ийүүчүлүк менен кабыл кылат. Пайгамбарыбыз жакшылап хутба окуйт да нике иштерин орундашат. Кийин багы бар ошол сахабага кайрылып: «Эй, Сухейб, азыр аялыңа бир белек алып, колунан кармап үйүңө алып бар», - деп буюрат.

Сухейб радыйаллаху анх чарасыздыктан колдорун эки жакка ачып: «Макул, бирок, бирок, менин бир дирхам күмүшүм да жок, баш калкалай турчу үйүм да жок», - деп мырылданат. Хифа айым күйөөсүнүн башын жерге салдырбастан, ага ичинде он миң дирхам күмүш бар кооз куржун жөнөтүп: «Баланча жердеги ак сарайымды сага белек кылдым», - дейт. Ааламдардын Мырзасы буга абдан толкунданып, аларга кайырлуу дубаларды кылат (батасын берет). Сухейб ошол күнү Медина көчөлөрүндө ары-бери айланып, кечке маал уялып, кысылып атып конушуна барат. Өзү үчүн даярдалган бай дасторкондон бир же эки хурма алып мындай деди: «Эй, Хифа айым, сен мен үчүн табылгыс чоң нематсың, мен болсо сенЖабраил алейхиссалам болуп өткөн нерселерди Расулуллах алейхиссаламга айтып берет да, аларды Аллаху тааланын Жаннаты жана жамалы менен сүйүнчүлөйт. Эртеси таңда намаздан кийин Пайгамбарыбыз Сухейбди жанына отургузуп: «Эй, Сухейб, түндөгү сенин абалың тууралуу сен айтып бересиңби же мен айтайынбы?» - деп сурайт. Сухейб көздөрүн көкүрөгүнө ийип, угулар-угулмаксан үн менен: «Аллахтын Расулу эң жакшысын билет», - деп жооп берди. Пайгамбарыбыз аларга «Кандай гана бактылуусуңар» дегендей карады да: «Экөөңөр тең Жаннаттыксыңар жана Аллаху тааланы көрөсүңөр!» - деп буюрду.

Сухейл дароо саждага жамынып, «Йа, Рабби, кечиримиңе алган кулуң мен болсом күнөөлөргө бата электе жанымды ал!» - деп жалбарды.

Аллаху таала бул халис дубаны кабыл кылып, Сухейб сажда кылган абалда рухун Аллаху таалага тапшырат. Мечиттегилердин баары көз жашын тыя алышпады.

Ошондо Пайгамбарыбыз: «Силерге дагы бир таң кала турчу нерсени айтайынбы? Азыр Хифа айым дагы рухун Хакка таслим кылды», - деп билдирди. Ал экөөнүн жаназа намаздарын бүткүл аалам жүзү суусунун урматына жаратылган Сүйүктүү Пайгамбарыбыз окутат. Экөөнү катарлаш кылып топуракка беришет. Алардын баш тарабына бир тактаны кагып, бирөөнө «Шүгүр кылгандардан Сухейб» деп, экинчисине «Сабыр кылгандардан Хифа!» деп жазышат. (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш