Баязыт Бистами хазреттери жамгырлуу күнү Жума
намазына баруу үчүн үйүнөн чыгат. Нөшөрлөп жааган жамгырдан жол баткак болгон
эле. Жамгыр басылганга чейин бир үйдүн дубалына жанашып, баш калкалады. Баткак
болгон бут кийимин үйдүн фундамент таштарына сүртүп тазалады. Жамгыр
басаңдаганда мечитке карай басты. Жолдо баратып мажусинин үйүнүн дубалын
кирдетип койгондугу эсине келип абдан капаланды. Өз өзүнө «Аны менен адалдашып,
кечиримин албастан кантип Жума намазын окуй аласың? Башка бирөөнүн дубалын
кирдетип коюп кантип Аллаху тааланын алдына чыгасың?» деп ойлоп бушайман болду.
Кайра кайрылып келип ал мажусинин эшигин какты. «Келиңиз, жайчылыкпы?» - деп
сураган үй ээсине: «Сизден кечирим сурайын деп келдим» - деди. Мажуси буга таң
калып: «Кандай кечирим?» - деди. «Бираз мурда баткак болгон бут кийимимдин
ылайын сиздин үйдүн дубалына сүртүп кирдетип койдум. Жамгырдын катуулугунан
муну байкабай калдым.» Мажуси дагы да таң калып: «Эмне зыяны болмок эле,