Илгери ачуусу чукул,
чатак кыял бала болгон экен. Бул жаш бала улам өкүнгөнү менен кайра эле өзүн
кармай албай оңой ачууланып, чатак кыялын көрсөтүүдөн өзүн тыя албай жүргөн
болот. Бир күнү кылган бир жаман кыялынын артынан ачуусу басылып, өкүнүү сезими
башталган кезде атасы уулуна бир баштык мык карматты да, жинденип сабырын
кармай албай калган учурунда бакчадагы тактага барып бир мык кагып туруусун
сунуштайт.
Биринчи күнү эле бала 37
мык кагат. Күндөр, апталар өткөн сайын бала өзүн карманууну үйрөнө баштайт.
Баштагыдан да аз мык кага баштайт. Бара-бара өзүн өзүн кармануунун тактайга
барып мык кагуудан да жеңил экенин байкай баштады. Бир күнү эч бир мык каккан
жок, муну атасына барып айтты. Бул жолу атасы уулуна өзүн өзү кармана алган ар
бир окуянын акырында барып ошол мыктардан бирөөнү сууруп туруусун айтты. Арадан
күндөр өтүп, эң акыркы мыкты суурганда муну да атасына барып айтты.
Атасы уулун колунан
кармап баягы тактайдын жанына алып барды да, мындай деди: «Карагын, балам, көп
аракет кылдың, ийгиликке жеттиң, бирок, тактайдын үстүндөгү мыктын издерин
кара. Бул эми эч качан мурдагысындай болбойт. Ар бир сабырсызданганыңда
каршыңда турган адамда ушундай жаралар пайда болот. Бирөөнө бычак сайып,
бычакты кайра чыгара аласың, бирок, канча кечирим сурасаң сура ал бычак жарасы
дайыма ошол жерде турат.»