Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Атаны көрүп бала өсөт




Атаны көрүп бала өсөт


Ар адамдын, өзгөчө, бийлиги-мансабы бар адамдардын айланасындагыларга, жардамчыларына өтө дыкат болуусу керек. Адамдын айланасында акылдаша турчу, бекем, ишенимдүү, жакшылыктарга үгүттөгөн, отко көөрүк менен барбаган акыл-парасаттуу адамдардын болуусу өтө чоң жакшылык болуп саналат. Жанаб-ы Хактын бир ихсаны, мээрими болуп саналат. Чындыгында, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз бир хадиси шарифинде: "Аллаху таала бир башчы, өкүмдар үчүн жакшылык кааласа ага ишенимдүү бир вазир, жардамчы ихсан кылат”, - деп буюрган. Буга байланыштуу таасирдүү бир окуя бар;

Илгери бир мамлекеттин өкүмдары өлкөсүн башкарууда кыйынчылык тартат. Кымбатчылык, башаламандык караңгы түндөй каптайт. Өкүмдар болгон күчү менен күнү-түнү эмгектенүүсүнө карабай буларга эч бир чара таба албайт. Бул арада бирөө келип: "Мамлекетти бул абалдан бир гана Хызыр куткарат. Хазрети Хызырды таап алып келе турчу бирөөнү тапсак мамлекет кутулат”, - дейт. Бул сунушту жактырган өкүмдар мамлекеттин туш тарабына киши чаптырат. Кырк күндө Хызыр алейхиссаламды таап хансарайга алып келемин деген кишиге элүү миң алтын бериле тургандыгын, бирок, таап келем деп калп айтып, алтындарды алып натыйжа чыгарбаган кишинин дарга асыла тургандыгын билдирет.

Бул жарыяны уккан бирөө келип: "Мен Хазрети Хызырды таап алып келем”, - деп, алтындарды алат. Бул абдан карыя, кедей киши болот. Тамак-ашын таап бере албагандыктан бала-бакырасы оор абалда турушкан эле. Балдарын бул азаптан куткаруу үчүн өзүн курман кылып ушундай чечимге барат.

Үйүнө барары менен баягы алган алтындарын сарптай баштайт. Атүгүл, балдарынын ар бирине бирден үй сатып алат. Ага кошумча тиричилигин улантып кете тургандай жер, дүкөн сатып алып берет. Артып калган алтындарды алат да баарын кедей-кембагалдарга таратат.

Кыркынчы күн болду дегенде балдары менен, жакындары менен коштошкон карыя курмандыкка чалына турчу койдой болуп хансарайга барып эшигинен ичке кирет. Мойнун бүгүп падышанын маңдайына турат. Падыша али ооз ача электе эле вазирлеринен бири үн катат: "Өкүмдарым, алгач мунун башын кесип, кийин денесин бөлү-бөлүп көчөлөргө асалы. Өкүмдарыбызды мазактоонун жазасы эмне экенин ар ким билсин, көрсүн”, - дейт.

Экинчи вазир дароо сөзгө аралашып: "Өкүмдарым, ага бул жаза аз келет. Денесин майдалагандан кийин чоң казанга салып бышыралы.”

Бул арада үчүнчү вазир сөз сурап: "Өкүмдарым, улуктарга кечирүү жарашат. Бул киши акылсыздык кылды. Жаңылышка жаңылыш менен жооп берүү ылайык болбойт. Бул вазирлердин айткандарын кылууну, сөздүн туурасы, мен сизге жараштыра албайм. Сиз өзүңүзгө жараша турганын кылыңыз, өтүнүч!” – дейт.

Бул толкундуу сөздөр сүйлөнүп жаткан кезде бир жаш бала ортолоруна кирип аралай баштайт. Вазирлер болсо баланы карыяны ээрчип келди деп ойлошот.

Алиги жаш бала вазирлердин сөздөрүн дыкаттык менен угуп болгон соң "Аслуху наслуху”, башкача айтканда, адамдын теги, атасы кандай болсо насили да ошондой болот, - дейт. Бала айкан бул сөз өкүмдардын оюна кирип кадалат. Өкүмдар кызыгып: "Эй, бала, сен кимсиң, ал сөздөр менен эмне дегиң келип жатат?” – деп сурайт.

Бала жооп берет: "Эй, өкүмдарым, бул сөзүм менен мына муну айтмакча болдум: Биринчи болуп сөз сүйлөгөн вазирдин атасы касапчы эле. Ошондуктан, тегине ылайык карыянын кескиленүүсүн каалады. Экинчисинин атасы болсо ашчы эле. Ошондуктан, ал дагы бышырылуусун тиледи. Үчүнчү вазирдин атасы, чоң атасы дагы олуя киши эле. Өмүрү эч кимге зулумдук тарттырган эмес эле. Баарына мээрим көрсөтүп, кемчиликтерин кечирген эле. Бул дагы тегине ылайык кечирилүүсүн тиледи. Ошондуктан, мен дагы акырында "аслуху наслуху” дедим. Сен теги, насили таза болгондор менен иште, ошолорду өзүңө жардамчы кыл! Ушундай кылсаң кыска убакытта сен дагы, мамлекетиң дагы ырахаттыкка, тынчтыкка бөлөнөт. "Ал эми издеген вазириң болсо мына бул, Хызыр болсо мына менмин”, - деди да көздөн кайым болду.

Султан дароо бул эки вазирин иштен бошотту. Мамлекетти болсо үчүнчү вазирине тапшырды. Кыска убакытта мамлекетте тынччылык, молчулук орноду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш