Жунайд Багдади хазреттеринин башка шаарда жашаган шакирттеринен
бири айтып берген;
Бир күнү базар кыдырып жүргөндө бир сулуу аялды көрүп, аны кайра-кайра
карадым. Кийин өкүнүп, тообо истигфар кылдым. Кеч үйгө келгенимде аялым мындай
деди: «Кожоюн, бүгүн жүзүңүз карайып калган экен, тынччылыкпы, эмне болду?»
Күзгүнү карасам чындап эле жүзүм карайып калган
экен. Эмне үчүн мындай болгондугун ойлонуп жатканымда баягы аялды караганым
эсиме түштү. Бир үңкүргө кирип, күндөр бою көз жашымды төктүм, күнөөмдүн
кечирилүүсү үчүн Аллаху таалага ыйлап жалбардым. Ушуга карабай көңүлүм эч тынч
алган жок. Кийин Жунайд Багдади хазреттерин зыярат кылуу эсиме келди. Багдадга
устазымын жанына бардым. Барып эшигин какканымда мага: «Кир, эй, Абдуллах, сен
базарда жүр күнөө кылып, биз Багдадда истигфар кылалы, ушундайбы?» - деди.
Ичкери кирип, ыйык колун өөп, жанына отурдум. Бир
жагынан таң калып, бир жагынан уялып турган элем. Сөзүн улантып мындай деди:
«Өкүнүү, тообо чоң жакшылык. Көңүлдүн жардамысыз дене мүчөлөрүнүн диндин
буйругуна баш ийүүсү кыйын болот. Ал эми дин улуктарын сүймөйүнчө көңүлдүн
жардамы болбойт. Буларды кылуу бир гана Аллах адамдарынын иши. Дин улуктарын
сүйгөн адам куру калбайт.»