Бир өкүмдар жан жөкөрлөрү менен айланууга чыккан
эле. Жол жээгиндеги айылда өтө карып калган бир адам талаасына чыгып көчөт
отургузуп жатканын көрдү. Карыянын кайратын жактырып, жанына келип
тамашалашкысы келди:
- Аксакал, сен эмне үчүн көчөт отургузам деп убара
болуп атасың? Машаллах, мынча жашты жашаган экенсиң, бул отургузган көчөттөрдүн
жемишин балким жей албассың?
Карыя жооп берип мындай дейт:
- Бул тиккен көчөттөрдүн жемишин сөзсүз биздин
жешибиз шарт эмес балам. Биз кандайча бизден алдыңкылар тиккен көчөттөрдүн
жемишин жеп жаткан болсок, биз тиккен көчөттөрдүн жемиштерин дагы бизден
кийинкилер жешет.
Бул жооп өкүмдарга жагып, сыйлык катары бир кесе
алтын берилүүсүн буйрук кылды.
Карыя өкүмдардын бул жакшылыгын күлүмсүрөп кабыл алды да:
- Көрдүңбү балам, биз тиккен көчөттөр азыртадан эле
жемишин бере баштады.
Бул жообу дагы өкүмдарга жагып, дагы бир алтын берилүүсүн буйрук кылды.
Карыя күлүп:
- Балам, башкалар отургузган көчөт жылда бир жолу
жемиш берет, биз отургузган көчөт болсо жылда эки жолу жемиш берди.
Бул жооп дагы өкүмдарга жагып, дагы бир кесе алтын
берилсин деп буйрук берди. Бирок, бул жолкусунда вазири арага кирип, өкүмдарды
эскертти:
- Султаным абайлаңыз, бул жерден тезирээк кетели.
Бул чал бул кебетеси менен казынаны түгөтөт.