Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Мухаммед Хадими хазреттери




Мухаммед Хадими хазреттери


I. Махмуд Хан Медина-и Мунавварага барган эле. Ал кезде Мединада Харам кароолчусу болуп турган Хажы Башир Агага: «Харам-и шарифте болгон ушунча убакыт ичинде маанилүү бир окуя болдубу?» - деп сурады.

Ал мындайча баяндады:

«Равза-и Мутаххарадагы Жибрил эшиги кээ бир түндөрү соор маалында ачылат, бирок, ичкери эч кимдин киргендигин көрчү эмесмин. Бир жолкусунда чечимге келдим да, ар түнү таңга чейин ойгоо болуп, эмнеси болсо да мунун хикматын билгим келди. Бир канча күн ушинтип күттүм. Бир түнү эшик дагы ачылды. Дароо жүгүрдүм, ичкериде бир зат бар эле. Ким экендигин сурадым. Мага Кония Хадимден экендигин айтты. Имам Биргивинин «Тарикат-ы Мухаммадия» аттуу китебин шарх кылгандыгын, күмөндөнгөн кээ бир жерлерин жеке Расулуллахтын өзүнөн үйрөнүүгө келгендигин айтты. Өзүн бөлмөмө алып бардым. Бир канча убакыт отургандан кийин менден уруксат сурап кетти. Мен багымдат намазынан кийин кайра дагы бөлмөмө келүүлөрүн өтүндүм. «Мекенимде имамдык кызматым бар! Мага уруксат бер», - деди да, чыгып кетти. Мындан кийин дагы кээде келип кетчү, өзү менен көрүшүп турчубуз...»

I. Махмуд Хан окуянын чындыгына жакшылап канаат келтириш үчүн өлкөнүн бир канча аалымдары менен бирге Хадимли Мухаммед мырзаны чакырды. Кийин Хажы Башир Аганы да чакырды. Хажы Башир Ага ошончо көп кишинин арасынан Мухаммед Хадими хазреттерин таанып, жанына барды. «Кош келдиңиз», - деди. Падыша жана ошол жердеги окуядан кабары бар инсандар мунун чын экендигине жакшы ишенген болушту.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш