Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Бизди мажбур кылдың




Бизди мажбур кылдың


Сеййид Мухаммед Бахааддин Бухари хазреттери узак бир айылдагы өзүн сүйгөндөрдүн биринин чакыруусу менен анын үйүнө келип конок болот. Түнү үйдө отурушканда үй ээсине: «Барып, эшикти карачы, ким күтүп турат болду экен көрөлү?» - деп буюрду.

Үй ээси сыртка чыгып караса айылдык Юсуф аттуу бир кишинин эшикте күтүп турганын көрдү. Юсуф сукбатка катышуу үчүн уруксат сурады. «Келсин», - деп буюрулганда ичкери кирди.

Юсуфтун колунда бир табак алмурут бар эле. Алмурутту адеп менен Накшибанд хазреттеринин астына койду. Ал мубарек зат үй ээсинен чоңураак бир табак алып келүүсүн өтүндү. Табак алып келингенде алмуруттарды кеңири табактын ичине салды. Кийин колу менен алмурутту аралаштырып бирөөнү чыгарды да Юсуфка берди, калган алмуруттарды болсо бөлүштүрүлүүсүн буюруп, «Эч ким колундагы алмурутту жебесин», - деди.

Юсуфтан алмуруттарды каерден алгандыгын сурады. Юсуф болсо алмуруттарды алган жерди айтканда: «Алып келген улмуруттардын үстүндөгү күмөнүбүз эмнеден улам билесиңби?» - деп сурады. Юсуф мындай деди:

«Устаз, мага айылыбызга олуя бир заттын келгендигин айтышты. Мен болсо сизди сыноо үчүн бир кило алмурут алдым да, алардын бирөөнө белги койдум. Эгер олуя бир зат болсо мен белгилеген алмурутту табат деп ойлодум.»

Накшибанд хазреттери: «Андай болсо кара, колуңдагы алмурут сен белги койгон алмурут бекен?» - деп буюрганда Юсуф чындап эле өзү белгилеп койгон алмурут экенин көрдү. «Ооба, устаз, белгилеген алмурут мына ушул», - деди.

Накшибанд хазреттери ошондо мындай деди:

«Бизди мажбур кылдың Юсуф, алмурутту керемет көрсөтүү үчүн эмес сенин бизден алыстабооң үчүн тандап сага бердик. Эгер биз муну билип сага бербегенибизде сен биз тууралуу жаман ойдо болуп, абдан чоң зыянга учурамаксың, биз үчүн эч кимдин зыянга учуроосун каалабайбыз. Жанабы Аллахтын олуяларын сыноого белсенүү жакшы бир адамга жарашпайт. Эгер сен мурда бизди таануу менен бул сыноону жасагың келгенде курумаксың, тааныбагандыгың үчүн кечирилдиң, болбосо устазын сынаган адам малун.»

Кылган катасынан улам өкүнгөн Юсуф кечирим сурап, кемчилигинин кечирилүүсүн тиледи жана кийин шакирттеринин катарына ал да кошулду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш