Үкүнүн баяны


Хаят-ул хайван китебинде мындай делген:

Сулайман алейхиссалам бүткүл жан-жаныбарлар менен сүйлөшчү эле. Бул анын мужизаларынан бири эле. Асманда падышалык тагы менен бирге кыдырчу. Бир күнү үкү Сулайман алейхиссаламга салам берди. Сулайман алейхиссалам анын саламын алып, мындай деп сурады:

- Эмне үчүн буудай жебейсиң?

- Адам алейхиссалам ошондон улам Жаннаттан чыккандыгы үчүн.

- Эмне үчүн суу ичпейсиң?

- Нух алейхиссаламдын коому сууга чөккөндүгү үчүн.

- Эмне үчүн дайым урандыларды башпаанек кыласың?

- Урандылар Аллаху тааланын мурасы.

- Эмне үчүн үяңда сайрайсың?

- Адамдарды эскертүү үчүн. Алдыларында катуу кокунучтар бар болуп турса да гафилдик менен укташат. Мындайларга убал болсун!

- Күндүзү эмне үчүн чыкпайсың?

- Адамдар мага зыян келтириши мүмкүн.

- Сайраганда эмне деп айтасың?

- Таспих окуйм жана «Эй, гафилдер, чыга турчу узак сапар үчүн азык камдагыла!» деймин.

Сулайман алейхиссалам үкүдөн да жакшы насаатчы куш болбогондугун айтты. (Барика)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш