Күнөөгө бир тообо жетет, таатка миң тообо жетпейт.
Күнөө кылган адам тообо кылса Аллах кечирет. Бирок, ибадат кылган адам ужбга
текебердикке берилиши мүмкүн. Буга болсо миң тообо жетпейт. Бани Исраилден бир
фасык бар эле. Бир абид болсо ибадаттары менен аты таанымал болгон эле. Фасык
киши бул абиддин жанынан өтүп баратып: «Барайын да, бул абиддин жанына бир
отурайын, балкимғ Аллаху таала анын урматына мени кечирет», - деп ойлонду.
Барып абиддин жанына отурду. Абид болсо өзү үстүнөн бир булут көлөкөлөп жүргөн
зат болгондугу үчүн менменсинип «Бул фасык мени менен бирге отура албайт» деп
андан жүзүн бурду. Жүзүн карай албаган фасык болсо ал жерден турду да кетти.
Бирок, абиддин үстүндөгү булут бул сапар фасык менен бирге кетти. Аллаху таала
ошол замандын Пайгамбарына: «Адамдардын ниеттерине карай мамиле кылам. Фасыктын
күнөөлөрүн анын жакшы ниети үчүн кечирдим. Абиддин ибадаттарын болсо
текебердигинен улам жок кылдым», - деп вахий кылды.