Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Топурак мени кабыл кылбайт деп коркомун




Топурак мени кабыл кылбайт деп коркомун


Сырры Секати хазреттери бир күнү сукбат учурунда шакирттерине: «30 жыл мурда айткан бир алхамдулиллах үчүн 30 жыл бою тообо истигфар кылуудамын», - дегенде шакирттери буга таң калышты. «Устаз, бул кандайча?» - деп сурашканда мындайча түшүндүрдү:

«Бир күнү ичинде көптөгөн дүкөндөр бар базарда өрт чыгып, дүкөндүн баары, бут кийимчилер, өрүүчүлөр, кийимчилер толук өрттөнүптүр. Муну мага келип кабар берип, бирок, сенин дүкөнүңө эч нерсе болбоптур дешти. Мен болсо ыктыярыман тыш «алхамдулиллах» дедим. Кийин өз өзүмө: «Дин боордошторумдун мал-мүлкү өрттөнүп жатса, сен болсо меники кутулду деп хамд кыл, бул кандай мусулманчылык» деп өзүмө капаландым, ыйлап көп тообо кылдым. Дүкөндөрү өрттөнгөн боордошторума окшоо үчүн дүкөнүмдөгү мал-оокаттын баарын кедей-кембагалдарга тараттым. 30 жылдан берип тообо кылам, алиге чейин абийир азабынан кутула алган жокмун. Мен өлгөндө мени эч ким жок жерге көмгүлө, мени топурак кабыл кылбайт деп коркумун, досторумдун арасында уяламын.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш