Жесир бир аялдын алты баласы менен карыган энеси
бар эле. Аял күн көрүү үчүн күн сайын көз майын коротуп жип ийирип, базарга
чыгып, ушундайча энесинин жана бала-бакырасынын ырыскыларын камсыздоого аракет
кылчу эле.
Бир күнү бул жесир аял кайтыш болду, артында
калган жетим балдарын кароо жүгү карыган энесинин үстүнө түштү. Карыган кемпи
күн сайын базарга чыга албай, үйүндө жип ийирчү. Бир күнү караса 600
дирхамчалык жип ийиргенин көрдү. Буларды сатуу үчүн базарга барууга камданды. «Йа
Рабби, бул өксүз жетимдердин ырыскыларын мол ихсан кыла көр» деп таң эртелеп
базарга карай жолго түштү.
Жолдо бара жатып Сеййид Абдулкадир Гейлани
хазреттеринин үйүнүн астына келгенде аны көрүп токтоп калды. Гейлани хазреттери
шакирттери менен багымдат намазынан чыккан эле, карыган кемпирди көргөндө ал да
токтоп, сурады:
- Кош келдиң апа, каерге бара жатасың?
- Бираз ийирген жибим бар, базарга алып барып
сатам.
- Канакей бериңиз. Менден 600 дирхам жип суралды,
муну мага берсеңиз сатайын.
Карыган кемпир: «Өтө жакшы иш кылган болор элеңиз»,
- деди да жипти берди.
Гейлани хазреттери колуна алган жипти мечиттин
тамына карай ыргытты. Жип көздөн кайым болду. Карыя кемпир буга таң калып
түшүнбөй карап калганда бери жактагы шакирттер эч нерсе дебеңиз дегендей ишарат
кылышты. Кемпир болсо унчуга алган жок. Гейлани хазреттери кемпирди карап:
- Эне, сен убайым болбо, жипти сатууга жибердим,
акчасы келсин, канча болгон болсо ошону аласың, - деди.
Кемпир «Макул анда эмесе» деп кетти да, эртеси
күнү кайра келип: «Жип сатылдыбы?» - деп сурады.
Гейлани хазреттери: «Жип сатылды, бирок, акчасы али
келе элек. Бир аптага чукул убакытта келип калат», - деди. Бир апта өткөндөн
кийин кемпир дагы келди. Акча али келе элек эле. «Эртең кел да, акчаңды ал», -
делди.
Кемпир өз-өзүнө эмнеге базарга бара бербедим экен,
азыр колумда акча болмок деп кайгырып үйүнө кетейин деп жатканда шакирттер: «Энеке,
сен дагы бир күн сабыр кыл, Аллаху таала эмне көрсөтө турганын көрөбүз», -
дешти.
Эртеси күн болуп, Сеййид Абдулкадир хазреттеринин
хузуруна ошол күнгө чейин көрүлбөгөн бир жамаат келди. Сый-урмат менен ага миң
алтын тапшырышты. Сыртка чыгышканда шакирттери алардан мынча көп акчанын эмне
болгон акча экендигин, эмне үчүн шейхке келип тапшырышкандыгын сурашты. Келген
кишилер соодагер экендиктерин айтышып: «Алтындар Хазрети Шейхтики. Деңизде
жолчулукта баратып, бороондон улам кеменин желкени тешилип, жол жүрө албай деңиз
ортосунда ара жолдо калмакпыз. Кеменин капитанынан кандайдыр бир чара жокпу деп
сураганыбызда: «Алты жүз дирхам жип болсо кеменин желкенин тигип калыбына
келтирип, жолубузду улантуубуз мүмкүн болмок, бирок, ал жипти азыр кайдан
табабыз», - деди. Биз болсо Сеййид Абдулкадир Гейлани хазреттеринен: «Йа
Султанул арифин, бизге 600 дирхамчалык жип жөнөт, башка чарабыз калбады», - деп
жардам сурадык. Бираздан кийин кеменин ичинен 600 дирхамдык жипти таптык. Ошентип
бул кутулуудан кийин: «Биз дагы бул жолчулуктан кайтканыбыздан кийин Хазрети
Шейхке миң алтын алып баралы, кабыл кылбайт, бирок, кедейлерге таратаар
ишналлах», - деп чечим чыгардык. Азыр мына ошол убадабызды орундоого келдик», -
дешти.
Соодагерлер кеткенден бир нече убакыттан кийин карыя
кемпир келип сурады:
- Акча келдиби мырзам?
Гейлани хазреттери миң алтында кемпирге берип
жатып: «Менин сатышым сеникинчелик пайдалуу болуптурбу?» - деп тамашалады. Кары
кемпир: «Болгондо да кандай пайда, сизге кантип дуба кылууну билбей турам,
рахмат» - деп улуу олуянын хузурунан чыкты.