Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Тамактын берекеси




Тамактын берекеси


Анас бин Малик радыяллаху анхтын айтып бергени;

Энем бир жерден ун таап, кошунадан кичине сүт сурап, буларды кошуп бышырып: "Балам мечитке барып атаңды  чакырып келгин, бирге тамак жейбиз", - деди. Мечитти көздөй чуркадым. Расулуллахты көргөндө шашканыман байкабай: Энем сиздерди тамакка чакырып жатат ", - деп айттым. Расулуллах сахабаларды карап: "Тургула! Үммү Сүлеймдин үйүнө тамакка барабыз", - деди. Мечиттеги бардык жамаат ордунан турду. Ааламдардын мырзасы, сүйүктүү Пайгамбарыбыз алдыда, биз артынан ээрчип үйгө келдик. Пайгамбарыбыз атамды карап: "Эмне тамак жейбиз?" - деп сурады. Атам: "Билбейм, йа, Расулаллах!" - деп жооп берди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Аялың бизди тамакка чакырбады беле?" - деп айтканда, атам уруксат сурап үйгө кирип кетти. Энем менен сүйлөшүп келди дагы: "Аялым кичине ун менен сүт таап, кошуп бышырган экен", - деди. Пайгамбарыбыз атам экөөбүздү карап: "Макул, ошол бышырылган тамакты алып келгиле!" - деп буюрду. Биз дароо алып келдик. Ыйык колдорун жүрөгүнө коюп, бул тамактын берекелүү болуусу үчүн дуба кылды. Келгендер жалпы жетимиш киши болчу. Тамак эч азайган жок. Пайгамбарыбыз ал тамакты мага берип: "Муну энеңе алып барып бергин, башкаларга да таратсын!" - деп буюрду.

Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш