Багбан


Хазрети Ибрахим бин Адхам ханзаада кезинде  таажынсын, тактысын, мал-мүлкүн таштаган, өзүн  илимге атаган улуу олуя, аалым эле. Хазрети  Омардын урпагынан эле. 779-жылы кайтыш  болгон. Ибреттүү окуялары, насааттары кеңири  жайылган. 

Бир кездери узак убакыт бир бакчада багбан  болуп эмгектенет. Күндөрдүн биринде бакчанын  ээси келип: "Таттуу анардан алып келчи!” – деп  айтат. Ибрахим бин Адхам бир анар алып  келгенде кычкыл болуп чыгат. Бакчанын ээси: "Бул  анар кычкыл турбайбы, башкасын алып кел!” – деп  айтат. Алып келгени дагы кычкыл чыгат. Ошентип дагы бир-эки жолу кайталанган соң бакчанын ээси  ачууланып: "Субханаллах! Ушунча убакыттан  бери багбан болуп эмгектенип жатасың, бирок,  анардын кайсы бири таттуу, кайсы бири ачуу  экенин али билбейт экенсиң!” – дейт. Хазрети  Ибрахим бин Адхам: "Мырзам, менин милдетим  багбандык кылуу, бактарды багуу гана. Бакчадагы  анарларды жеп көрбөсөм даамын кайдан  билмек элем!” - деп жооп берет. Бакчанын ээси  багбан болуп туруп анар жебеген адамга ишене  албай: "Эгер сени тааныбыганымда мына бул  сөзүңө карап сени Ибрахим бин Адхам хазреттери  деп ойлоп калмакмын”, – деген экен.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш