Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Нуреддин Зенгинин түшү




Нуреддин Зенгинин түшү


ХII кылымда кресттүү жортуулдарынын эң оор жылдарында Сириядагы түрк мамлекетинин султаны Нуреддин Махмуд бин Зенги 1162-жылы бир түш көрөт.  Пайгамбарыбыз түшүндө үч адамды султанга көрсөтүп:  "Нуреддин, мына бул адамдардан мени куткар!" - деп буюрду.  Төшөгүнөн атылып турган султан: "Бул чыныгы түш. Расулуллах алейхиссаламга коркунуч туулуп жаткан окшойт", - деп ойлоп, таңдын атышын күтүп отурбастан  жанына ишеничтүү адамдарынан 20 адамды алып, дароо  жолго чыгат. Ыкчам түрдө 16 күндө Медина Мунаввара  шаарына кирип келет. Эл султандын капыстан кирип  келгенине бир жагынан кубанса, бир жагынан таң калат.  Эртеси күнү жаш-кары, аял-эркек жана бала-чака бардык  шаар тургундарынын алдынан өтүүсүн жана элине өз колу  менен белек тапшыра турганын жарыялайт. Бардык адамдар келип алдынан өтүшөт. Султан бул өткөн адамдардын ичинен түшүндө өзүнө көрсөтүлгөн адамдарды  таба албайт. Шаардын акиминен: "Бул жерге келбеген адам  калдыбы?" - деп сурайт. Ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын  кабырына жакын жердеги бир үйдө жашап жаткан адамдардын келбегенин айтат. Султан дароо ошол үч  адамды алып келүүсүн буйрук кылат. Түшүндө көрсөтүлгөн  үч адамдын ошолор экенин көрөт. Аларды колго түшүрүп,  султан адамдары менен бирге алар жашап жаткан үйгө  келишет. Үйгө келишкенде үйдүн ичинен чоң жер астынан  өтмөк казылганын жана мунун учу Равдаи Мутаххарага өтө  жакындап калганын байкашат. Батыштан келген бул жолоочуларды тергеп, суракка алат. Алардын сүннөтсүз  жана поп экендиктери аныкталат. Аларды суракка алган  кезде: "Биз христианбыз, жер астынан пайгамбардын  кабырына кирип, денесин уурдап, Европага алып кетмекчи  болдук" - деп айтышат. Ал кыянатчылар жазага тартылат.  

Султан Нуреддин Зенги мындан ары да ушул сыяктуу  заалымдар зыян келтирип жүрбөсүн деп, Равдаи Мутаххаранын айланасына суу чыкканга чейин тереңдетип  аң каздырат. Бул аңдын эни дагы өтө кең болот. Анын ичине  калайды эритип төктүрүп, калың темир дубал коргон  салдырат. Ошентип Равдаи Мутаххаранын коопсуздугу  бекемделген болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш