Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Дүнүйөдөгү эң жакшы нерсе




Дүнүйөдөгү эң жакшы нерсе


Осмон Султаны III Мустафа Хан Стамбулда мечит  салдырып жаткан жылдары ошол мечиттин  маңдайында туруучу Лалели Баба деген ат менен  таанылган олуя затты зыярат кылып барат. Бираз  маектешкен соң Лалели Бабаны карап: "Мырзам,  айтсаңыз, дүнүйөдө эң жакшы нерсе эмне?” – деп  сурайт. Лалели Баба: "Дүнүйөдө эң жакшы нерсе  - жакшы жеп-ичүү жана ажатыңды жакшы кетирүү”, -  деп жооп берет. Падыша олуянын бул жообун жактыра бербей,  унчукпай чыгып кетет. Бирок, ошол күндөн баштап  катуу ич оорусуна чалдыгат. Канча көп дарыгер  чакыртса да бир пайдасы болбойт. Күн өткөн сайын  кыйналып, абдан тынчы кеткен падыша Лалели  Бабанын жообун эстеп, аны таарынтып алганын  түшүнөт. Дароо Лалели Бабанын даргейине барат.  "Мырзам, мен ката кетирдим, кечирим сураймын”, -  деп жалбарат. Лалели Баба ага мээримдүүлүк менен  карап: "Сени бул көйгөйдөн куткарсам сыйлыгы  катары мага эмне бересиң?” – деп сурайт. Падыша:  "Мына бул салдырып жаткан мечитти сизге белекке  берейин”, - дегенде, Лалели Баба башын чайкап:  "Жетпейт”, - дейт. Канча көп казыналарды сунуштаса  да "жетпейт” деген жоопту алат. Ошондо: "Анда эмне  каалайсыз? ” – деп сурайт. Лалели Баба :  "Падышалыгыңды бересиң” – деп айтат. Падышанын  башка аргасы жок эле. Бул кыйынчылыктан кутулуу  үчүн: "Падышалыгым сиздики болсун”, - дейт. Олуя зат  дуба кылганда падыша жеңилдеп оорудан айыгат.  Лалели Баба: "Болдубу, эми падыша менминби?” –  деп сураганда Мустафа Хан: "Ооба, ата. Мындан  кийин сиз падышасыз”, - деп жооп берет. Лалели Баба  күлүмсүрөп, башын чайкап: "Куну бир ажатка гана  татый турган ал кандай падышалык? Мага андай  арзан падышалыктын кереги жок. Бизге мечиттин аты дагы жетет”, - деген экен. Ошондон бери ал мечит  "Лалели Мечити” деп аталып келет. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш