Бирге он эсе


Аял олуялардан Рабия Адвийя хазреттери кедей,  бирок, өтө жоомарт болчу. Өзүнө келген сыйлыктарды  кедейлерге таратып берчү, күндөрүнүн көбүн орозо  кармап өткөзчү. Бардык ишинде Аллаху тааланын  ыраазычылыгын көздөчү. Күндөрдүн биринде үйүнө  коноктор келип калды. Аларга тамак сунгусу келди. Бирок,  эки гана жалпак наны бар эле. Мунун конокторго жетпей  турганын ойлоп турганда эшик кагылды. Келген эки адам  курсактары ач экенин айтышып, жегенге бир нерсе  сурашмакчы эле. Алар айта электе эки нанды колдоруна  карматты. Келгендер кубанып кайтып кетишти. Арадан  бир аз убакыт өткөн соң эшик кагылып, эки адамдын бири  бир баштык нан алып келгенин көрдү. Келгендер: "Биздин  мырзабыз мына бул нандарды Рабия Адвийяга сыйлык  катары жиберди”, - деди. Хазрети Рабия нандарды санап  чыгып: Мында эки нан кем го”, - деди. Келген кишилер  катуу уялышты. Жашырып катып койгон эки нанды  чыгарып беришти. Хазрети Рабия ал эки нанды аларга  сыйлык кылып берип: "Бул эки нан силердин ырыскыңар  эле. Силер уруксатсыз алгандыктан ырыскыңарды арам  жолдон тапкан болор элеңер. Мына эми адалдан жей  турган болосуңар”, - деди. Болуп жаткан окуяны байкап  отурушкан бөлмөдөгү коноктор: "Сен нанга буйрутма  бердиң беле?” – деп сурашты. Хазрети Рабия: "Жок”, - деп  жооп берди. "Андай болсо эки нандын кем экенин кайдан  билдиң?” – деп сурашты. Хазрети Рабия: "Силердин  курсагыңар ачка, жанагы эки нан эч кимге жетмек эмес. Ал  эки нанды көбөйтмөкчү болдум. Ошол маалда эшигиме  келгендерге эки нанды берип, Аллаху тааладан  конокторго жете тургандай нан берүүсүн сурандым”, -  деди. "Ал жыйырма нан келе турганын кайдан билдиң?” –  деп айтышканда мындай деп жооп берди: "Анткени,  Аллаху таала Курани кариминде жакшылык кылынганда  бирге он эсе кылып жооп кайтаруусун убада кылган. Мен  анын убадасына ишендим. Эки нандын ордуна жыйырма  нан бере турганын билдим. Ушул себептен дагы экөө кем  деп айттым”. Муну уккан коноктор Хазрети Рабиянын  Аллаху тааланын сүйүктүү кулу экенине дагы бир жолу  күбөө болушуп, ага карата сүйүүлөрү арта түштү.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш