Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Көпүрөдөн өткөндөр жана өтө албагандар




Көпүрөдөн өткөндөр жана өтө албагандар


Бир жаш бала кошуна айылды көздөй жолго  чыгат. Ал айылдын жолу терең жар аркылуу өтчү.  Ошол жардан өтүү үчүн бир гана асма көпүрө бар  экен. Бирок, ал көпүрө өтө эскирип кеткен болуп,  кооптуу эле. Жаш бала көпүрөгө жакындаганда  токтоп отурбастан көпүрөдөн өтүп, каршы бетке  жетип, жолун улантат. Бир аз убакыттан кийин ал  көпүрөгө дагы бир адам келип, көпүрөнүн өтө  кооптуу экенин көрүп, ошол жерде отуруп, көпкө  чейин дуба кылат. Кийин каршы бетке көпүрөдөн  өтө баштайт. Деген менен кичине жүрүп, өтүп бара  жатканда көпүрөнүн жиби үзүлүп кетип, жарга  кулап кетет. Ошол учурда болуп өткөн окуяга күбө  болгон бир салих киши көргөндөрүнө өтө таң калат.  Ал окуянын хикметин (сырын) билгиси келип,  Аллаху таалага жалбарып дуба кылат. Түндө  түшүндө бир үн угулат: "Көпүрөдөн оңой өтүп  кеткен жаш бала күнү-түнү Аллаху таалага моюн  сунчу. Көпүрөнүн башына келгенге чейин дагы  Аллаху таала менен бирге эле, башкача айтканда,  Аны зикир кылып жаткан эле. Жаш бала Аллаху  тааланы бир заматка болсо да унутпагандыктан  жана дайым моюн сунгандыктан, Аллаху таала  дагы аны көпүрөдө унутпады. Ушул себептен жаш  бала көпүрөдөн оңой өттү. Көпүрөдөн өтө албаган  адам болсо андагы коркунучту көргөндө гана  Аллаху тааланы зикир кылып, дуба кыла баштады.  Эгер ал дагы мурунтадан Аллаху таала менен  бирге болгондо, башкача айтканда, ибадаттарын  орундап, моюн сунганда, Аллаху таала ага дагы  көпүрөдө жардам бермек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш