Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Кереметтердин булагы Хазрети Халид Багдади




Кереметтердин булагы Хазрети Халид Багдади


Мавлана Халид Багдади мезгилинин эң чоң  аалымы жана олуясы, илим, ирфан, кереметтердин  булагы эле. Атасы Хазрети Осман жана энеси Хазрети  Алинин урпагынан келет. Көп аалымдардан илим  үйрөнгөн. 1826-жылы көз жумган. 

Мединада бир олуя издеп жүргөндө Йемендик бир  затка жолуккан. Жахилдин аалымдан насаат  сурагандыгы сыяктуу андан насаат сурады. Ал зат  мындай деди: 

«Эй, Халид, Меккеге барганыңда адепке туура  келбеген бир нерсе көрсөң жинденбе, абайла, ал  адамды уят кылба!» 

Хазрети Мавлана Халид бир Жума күнү Меккеде  Хареми Шарифке кирди. Бир бурчта кара сакалдуу бир  адамдын аркасын Ыйык Каабага таянып турганын көрдү.  Ичинен «Бул адам Каабага урмат кылбай жатат, адепти  сактабай жатат» деп ойлоду. Дал ушул учурда ал адам:  «Эй, Халид! Момундарга урмат кылуу - Аллаху тааланын  алдында Кабага болгон урматтан мурда турат. Ошон  үчүн жүзүмдү сага бурдум. Мединадагы заттын насаатын  уккан белең?» - деди. Хазрети Мавлана Халид бул  заттын чоң олуя экендигин түшүндү. Дароо колунан өөп,  кечирим сурады. Бул учурда өзүн да иршад кылуусун  суранды. Ал адам айтты: «Эй, Халид, сабыр кыл, иршад  кыла турган адам сени табат.» 

Ажылыктан кийин өз мекенине барып, шакирттерге  сабак берүүнү улантты. Бул мезгилде Хазрети Шах  Абдуллах Дехлеви бир шакиртин Хазрети Мавлана  Халидге жиберди жана: «Саламыбызды айткыла, бул  жакка келсин!» - деди. Индустанды көздөй чоогу жолго  чыгышты. Индистандын ошол мезгилдеги баш калаасы  Делиге бир жылда келишти. Бир жыл ошол жерде  турушуп, Аллаху тааланын чоң ихсандарына күбө болду.  Кайра мекенине келип, көп аалым жана олуяларды  өстүрдү. Өзү болсо Хазрети Имам Раббаниге ашык эле. Көптөгөн илимдер менен алакалуу болгон бир нече  китеп жазды. Ал атактуу Диван жана Итикаднама китебин  жазган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш