Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Ибрахим бин Эдхем




Ибрахим бин Эдхем


Чоң олуялардан болгон Ибрахим бин Эдхемден бир адам насаат сурайт. Ибрахим бин  Эдхем буларды айтты: «Эгер сен ушул алты нерсени кабыл алып  аткарсаң, сага эч нерсенин зыяны жолобойт.  Алты нерсе булар: 

1. Эгер күнөө кылгың келсе сага Аллаху  таала тарабынан жиберилген тамак-ашты  жебе! Себеби, Ал жиберген тамакты жеп алып,  кайра Ага каршы чыккан туура болобу? 

2. Эгер сен Ага баш ийгиң келбесе Анын  ээлигинен чык! Себеби, Анын кол астында болуп  туруп, Ага баш ийбей каршы чыгуу туурабы? 

3. Эгер сен Ага каршы чыккың келсе Ал  көргөн жерлерде күнөө кылба! Анын кол алдында  болуп жана анын берген ырыскысын ичип-жеп,  кийин Ал көрүп жаткан жерде күнөө кылуу туура  эмес. 

4. Жан алгыч Периште сенин жаныңды  алганы келгенде тообо кылып көр! Сен бул  Периштени кууп чыгалбайсың! Андай болсо күчүң,  дараметиң барда азыр тообо кыл. Тообонун  мезгили - азыр жашап турган убагың. Болбосо  өлүм күттүрбөй келет.  

5. «Сен көрдө жатканда сени суракка алганы  келген Мункар менен Накир периштелерин  куугунуң!».  

Ал адам айтты: - Бул мүмкүн эмес да!  

Ибрахим бин Эдхем: - Андай болсо азыртадан  баштап алардын сенден сурай турчу суроолоруна  жооп издей башта! 

6. Качан «Күнөөкөрлөр- Тозокко!» деп буйрук  кылынганда «Барбаймын!» деп айт! 

Берки адам айтат: «Алар мени угушпайт да.» Ушинтип дароо тообо кылды да, өлгөнгө чейин бул  тообосунан кайткан жок.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш