Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Жамандыктан куткарган садага




Жамандыктан куткарган садага


Абдулварис бин Саид хазреттери улуу фикх  жана хадис аалымы болгон. Хижри 120 (737-ж)  туулуп, 180 (796-ж) Басрада кайтыш болгон. Накыл  кылган хадиси шарифинин биринде мындай деп  баяндалат: 

"Исраил уулдарынан бир киши ушул түнү  Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн сөзсүз  садага беремин” деп үйүнөн чыгып, билбестен  садаганы бир ууруга берет. Эртеси күнү эл: "Кечээ  түнү бир ууруга садага берилиптир”, - деп айта  башташат. Муну уккан жанагы киши: "Аллахым!  Ууруга садага бергеним үчүн сага хамд кыламын.  Сөзсүз кабыл боло тургандай садага берүүгө  тийишмин”, - деп үйүнөн дагы чыгат. Бул жолу  садаганы зинакор аялга берет. Эртеси күнү эл: "Бул  түнү зинакор аялга садага берилиптир”, - деп айта  баштаптыр. Садаганы берген киши: "Аллахым!  Бузукуга садага бергеним үчүн сага хамд кыламын.  Сөзсүз кабыл боло тургандай садага берүүгө  тийишмин”, - деп үйүнөн садага берүү үчүн дагы  чыгат. Бул жолу садаганы бай адамга берет. Эртеси күнү эл арасында: "Кайдай шерменделик, кече түнү бай  адамга садага берилиптир”, - деп дагы ушак таратышат. Садаганы берген киши: "Ууруга, зинакорго, байга садага бергеним үчүн сага хамд кыламын”, - дейт. Түшүндө жанагы кишиге мындай деп  сүйүнчүлүү кабар билдирилет: "Сенин ууруга  берген садагаң балким ууруну уурулук кылуудан,  зинакорду зина кылуудан баш тарттырды, жакшы, намыстуу адам болууларына себеп болду. Байдын да сенден ибрет (үлгү) алып, мал-мүлкүн  Аллахтын ыраазылы үчүн жумшай тургандыгына үмүт кылынат.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш