Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Сени биздин жаман амалдарыбыз алып келди




Сени биздин жаман амалдарыбыз алып келди


Тарыхта заалымдыгы менен таанымал болгон  моңгол бийлөөчүсү Хулагу 1258-жылы Багдатты  басып алып, кыргын салды. 400 000ден ашуун  мусулманды кырып салды. Мечиттер, медреселер  жер менен жексен кылынды. Миллиондогон диний  жана илимий китептер Дижла дарыясына  ташталды. Дарыя бир канча күн бою кан жана сыя  болуп акты. Ошол күндөрү Хулагу Багдаттын эң чоң  аалымы менен кездешкиси келгенин жарыялады.  Бирок, эч ким келе алган жок. Анткени, кездешүүнүн  натыйжасында баштан ажыроо жагдайы да бар эле.  Бул кабар ошол замандын эң жаш аалымы  Кадыханга жеткенде: "Аны менен кездешейин!” –  дейт. Адамдар "Бир курмандык табылды окшойт” –  деген ой менен демдерин басышты. Кадыхан али  жапжаш жигит болчу. Сакалы да эми чыга баштаган  болчу. Хулагу менен кездешүүгө барарда өзүнө бир  төө, бир эчки жана бир короз берилүүсүн сурайт.  Сурагандары дароо берилет. Кадыхан ошол  жаныбарлар менен Хулагунун чатырына келгенде  жаныбарларды сыртта калтырып, өзү чатырга кирет.  Аны алып келген сакчылар: "Сиз сураган аалым  мына ушул”, - деп көрсөтүшөт. Хулагу жаш баланы  карап туруп: "Башка адам таппадыңарбы?” – деп  с урайт. Кадыхан мындай жагдайга даяр  келгендиктен Хулагунун суроосуна мындай деп  жооп берет: "Сен кездешүү үчүн ири денелүү  бирөөнү күткөн болсоң төөмдү алып келдим, жок  эгер кары, ак сакалдуу бирөөнү күткөн болсоң  эчкимди алып келдим, жок эгер жоон үндүү бирөөнү  күткөн болсоң корозумду алып келдим. Үчөө тең  чатырдын алдында турат. Ошолор менен  кездешсең болот”, - дейт.

Хулагу алдында турган баланын жөн бала эмес  экендигин көрүп: "Сен бери келип, жакын отур!” –  деп, орун көрсөтөт. "Кана айтчы, мени бул жерге  алып келген себеп эмне?” – деп сурайт. Кадыхан  мындай деп жооп берет: "Сени бул жерге биздин  амалдарыбыз алып келди. Биз нематтардын баркын  биле алган жокпуз. Негизги максатыбызды унутуп,  бийлик-байлык жана мансап кубалап, напсибизди  ээрчип, артынан жүгүрдүк. Хак таала бул  нематтарды бизден алуу үчүн сени жиберди.” Хулагу  экинчи суроосун сурайт: "Мени бул жерден ким  чыгаруусу мүмкүн?” Кадыхан: "Бул да биздин  өзүбүзгө байланыштуу, тообого келип, канчалык  кыска убакытта акылыбызды жыйнап алып,  нематтардын баркын билип, адашуучулуктан,  ысыраптан, зулумдуктан, бири-бирибизди аңдып кызгануудан баш тартсак, мына ошондо сен бул  жерде тура албайсың!” – деп жооп берет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш