Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Ажылык куштарлыгы




Ажылык куштарлыгы


Мухаммед Уфтада хазреттери Кануни Султан Сулайман заманында Бурса калаасында жашаган чоң  олуялардын бири эле. Бул улуу затты жакшы көргөн жана  шакирти болуп эсептелген бир киши ар жылы ажыга баргысы  келчү эле, бирок, жетиштүү акчасы болбогондуктан жылда бара  албай кала берчү. Буга өкүнүп, абдан кайгыга батып жүрчү. Аны  карап аялы да абдан кайгырчу. Күндөрдүн биринде бул  киши байкабастан «байбиче, ушул жылы ажыга бара  албасам талаксың» деп айтып жиберет. Күндөр өтүп,  Курбан айт да жакындап калган болот. Алиги киши убайымынан жанын коёрго жер таппай калат. Мухаммед Уфтада хазреттерине барып, болгон окуяны айтып берет. Уфтада хазреттери аны угуп турду да, ага: «Сенин бул жагдайыңа Эскичи Мехмет Деде көмөктөшөт, ошого баргын», - дейт. Бул киши кубанганынан Мехмет Дедеге барат. Мехмет Деде аны  кунт коюп угат. Бул жагдайга байланыштуу бир үй-бүлөнүн  тагдыры чечилип жаткандыктан, керемет көрсөтүүгө  аргасыз болот. «Көзүңдү жум, ач деп айтылмайынча көзүңдү  ачпа», - дейт. Көздөрүн ачканда Меккеде жүргөнүн түшүнөт.  Ал жакта Бурсалык ажылар менен жолугушат. Ажылык  ибадатын аткарып, анан бир заматта Бурсага кайтып келет.  Аялы күйөөсүн көргөндө: «Сен мага талак бербедиң беле,  эми кайсы бетиң менен уялбай келип отурасың?» - деп  жемелей баштайт. Күйөөсү: «Мен ажыдан келдим, мына,  Меккеден аз болсо да белектерди алып келдим», - деп жооп  берет. Аяылы албетте күйөөсүнө ишенбейт. «Уялбастан дагы калп айтып жатасың, сени казыга даттанамын», - деп,  казыга болгон жагдайды арызданат. Казы ал аялдын  күйөөсүн чакыртып, аны да угат. Кедей киши ажыга  баргандыгын, Каабаны таваф кылгандыгын, ал жакта  Бурсалык ажыларга да жолукканын айтат. Күбө катары  Мехмет Дедени да көрсөтөт. Мехмет Деде казыга: «Эй, казы  мырза! Шайтан Аллаху тааланын душманы болсо дагы бир заматта дүнүйөнүн аркы учунан берки учуна барып келе  алат да, ал эми Аллахтын сүйүктүү адамы Каабага бир заматта  бара албайбы?» - дейт. Казы мындай жоопко өтө таң  калат. Соңку чечимди Бурсалык ажылар келе турган күнгө  калтырат. Бир нече күндөн кийин ажылар келип, жанагы  кишинин айткандарын тастыкташат. Мына ошентип  никелери сакталып калат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш