Аллаху таала соңубузду кайырлуу кылсын. Эч бирибиз соңубуздун эмне боло турганын билбейбиз. Жунайд Багдади хазреттеринен бир поп келип: "Мен үстөммүмбү же сен үстөмсүңбү?” – деп сурайт. Ал: "Аптанын акырында кел, ошондо жооп беремин”, - дейт. Бир аптадан кийин келгенде ал заттын кайтыш болгонун көрөт. "Силердин устазыңар сөзүндө турган жок, бүгүн мага суроомо жооп бериши керек эле”, - деп чуу салганда, шакирттери табытты көрсөтүп: "Тиги жакта жатат, жанына барып сурап көр, олуялар бекеринен эч нерсе айтышпайт”, - дешет. Табытынын башына барып, бир апта мурда сураган суроосун сурайт. Жунайд Багдади хазреттери Аллаху тааланын уруксаты менен башын көтөрүп, мындай деп жооп берет: "Сени менен сүйлөшкөнүбүздөн бир апта кийин өлө турганымды билген элем. Бирок, соңку демимдин кандай боло турганын билбегендигим үчүн ошол күнү сага жооп бере албадым. Сен ыйман келтиришиң мүмкүн эле. Мен болсом ыймансыз өлүшүм мүмкүн эле. Кудайга шүгүр, мен ыйман менен жан тапшырдым, өзүмду куткардым. Мына азыр айта аламын, мен үстөммүн. Сен эми өзүңдү кара!” Бул кереметке күбө болгондон кийин поп эмне кылмак эле? Поп ыйлай баштайт, шахадат келимесин айтып, ыйман келтирет. Ошентип мусулман болот. Үстөмдүк акыркы демге байланыштуу. Ошондуктан, ыймансыз өлүүдөн катуу коркуу керек.
Адам билип туруп күфүргө (ыймансыздыкка) түшпөйт. Бирок, билбестен күфүргө түшүп калышы ыктымал. Ошондуктан, "Йа, Раббим! Билип же билбестен күфүргө себеп болгон бир сөздү айткан болсом же ошондой бир иш кылган болсом, баарына өкүндүм, мени кечире көр!” деп күндө дуба кылуу керек. Сөзсүз түрдө кечирилет.