Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Сулайман алейхиссалам жана кумурскалардын башчысы




Сулайман алейхиссалам жана кумурскалардын башчысы


Сулайман алейхиссалам Байтул Макдистин курулушун бүтүргөндөн кийин Аллаху тааладан тагдырына ылайык өкүм менен өкүм кылууну насип кылуусун сурады. Бул ага берилди. Өзүнөн башка эч кимге берилбеген бир мүлк жана салтанаттын, өзүнө берилүүсүн да каалады. Бул дагы ага берилди. Байтул Макдистин курулушун бүтүргөндөн кийин, бул мечитке бир гана намаз окуу үчүн келгендердин бул жактан энесинен туулган күнкү сыяктуу күнөөлөрдөн тазаланып чыгуусун тиледи.

Расулуллах алейхиссаламдын үммөтүнүн да бул мечитте намаз окуусу өтө сооптуу. Бир хадиси шарифте: "Масжиди Харамда окулган намаз жүз миң намазга, менин мечитимде окулган намаз миң намазга, Масжиди Аксада окулган намаз беш жүз намазга барабар”, - деген.

Сулайман алейхиссалам Масжиди Аксага Муса алейхиссаламдан бери муундан-муунга берилип келген "Ахит сандыгын” койду. Бул абал Байтул Макдистин Бухтуннасар тарабынан жыгылуусуна чейин уланып келди. Бухтуннасар Кудусту алгандан кийин шаарды талкалады. Масжиди Аксадагы болгон алтын, күмүш жана башка асыл таштарды Вавилонго алып барган.

Сулайман алейхиссаламдын жиндер тарабынан токулган бир килеми бар эле. Өзү жана аскерлери бул килемдин үстүнө отурушчу. Шамал аларды буйрук кылынган жерге алып барчу. Таңдан түшкө чейин бир айлык, түштөн кечке чейин да бир айлык жолду басып өтчү. Айрыкча шамал, уккусу келген үндөрдү да Сулайман алейхиссаламга жеткирчү.

Сулайман алейхиссаламдын ордосундагы кызматкерлер жандарына идиш-аяктарын, азык-заттарын алып алышчу. Муктаж болгон учурда тамак жасашчу. Ушундайча асманда саякат кылышчу.

Бир күнү буйрук берилип Сулайман алейхиссалам ордосу менен Ирандын Истахар шаарынан Йемен тарапка сапарга чыгат. Ордо биринчи Таифтин Седир өрөөнүнө, кийин кумурскалар көп болгон Намл аймагына келет. Сулайман алейхиссаламдын ордосунун өздөрүнө карай келе жатканын көргөн кумурскалардын башчысы болгон ургаачы кумурска мындай деди:

- Эй, кумурскалар! Сулайман алейхиссалам жана анын ордосу бизге карай келе жатат. Тез уяңарга киргиле! Билбестен үстүбүздөн басып өлтүрүп алышпасын. Мындан улам кумурскалар башчысынын сөзүн угушуп уяларына кирип кетишти. Сулайман алейхиссалам кумурскалардын башчысынын (аяти каримада баяндалган) сөзүн узактан угуп жылмайды. Мындан улам кумурскалардын уяларына кирип кеткенге чейин ордосун ал аймакка жакындатпады.

Ааламга ибрет назары менен караган  мутафаккирлер (ойчулдар) кумурсканын бул аракетинен көптөгөн сабактарды алышты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш