Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Сеййид Абдулкадир Гейлани хазреттери




Сеййид Абдулкадир Гейлани хазреттери


Сеййид Абдулкадир Гейлани хазреттери Ислам аалымдарынын жана олуяларынын эң жогоркусу. Эне-ата тарабынан дагы Пайгамбарыбыздын урпагы болуп саналат. Фыкх жана хадис  илиминде мужтахид болгон. Бала кезинде апасынан уруксат алып, илим үйрөнүү үчүн Багдатка бара жатканда жолдон каракчылар  кербенди басып тоношот. Араларынан бирөө келип Гейлани  хазреттеринен сурайт.  

- Сенин жаныңда бир нерсең барбы?  

Албетте, 40 алтыным бар. Колтугумдун астына тигилүү. Каракчы кетип калат. Экинчиси дагы келип ошол эле суроону берип,  окшош жооп алат. Булар башчыларына барып абалды түшүндүрүшөт. Ал дагы чакыртып, сураганда жогорудагыдай жоопту  алат. Көйнөгүн жыртып, алтындарды чыгаргандан кийин мындый  деп суроо узатат. 

- Эмне үчүн алтындарым бар дедиң? 

- Анткени, апама эч качан жалган сүйлөбөйм деп сөз бергем. Айткан сөзүмө кыянаттык кылбайм, - деди. Каракчылардын башчысы ыйлай баштады. "Канча жылдан бери  Раббиме берген сөзүмө турбай келемин”, - деп өкүнүү менен тообо  келтирди. Жанындагы алтымышка жакын жан жөөкөрлөрү дагы  башчысынын аркасынан тообо кылышты. Тартып алган мал мүлктүн  баарын кайтарып беришти. 

Бир мусулман менен христиан сөз талашып жатышкан эле. Ошол  жерден өтүп бара жаткан Абдулкадир Гейлани хазреттери сурады:  

- Эмне үчүн талашып жатасыңар? 

- Экөөбүз тең өз Пайгамбарыбыздын үстөм экендигин коргоп  жатабыз.  

Абдулкадир Гейлани хазреттери христиан кишиден: 

- Иса алейхиссаламдын үстөмдүгүн кантип далилдеп бере  аласың? – деп сурады. 

- Ал өлгөндү тирилтти. 

- Мен Пайгамбар эмесмин. Бирок, Аллаху тааланын уруксаты  менен бир өлүүнү тирилтсем биздин Пайгамбарыбызга ишенесиңби? 

- Албетте, ишенем. 

- Тээтиги көрүстөндөргө баралы. Каалаган бир көрүстөндү  көрсөт! 

Христиан эски кыйрап калган көрүстөндү көрсөттү. Абдулкадир  Гейлани хазреттери сурады: 

- Пайгамбарыңыз өлүүнү тирилтүү үчүн эмне айтчу эле? - Кум би изниллах! (Аллахтын уруксаты менен тур!) дечү... Абдулкадир Гейлани хазреттери кабырды карап: "Кум би изниллах!” дегенде кабырдан бир өлү турду. Христиан бул  кереметти көргөндөн кийин Пайгамбарыбыздын үстөмдүгүн түшүнүп, мусулман болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш