Абдуллах бин Зейд (радыяллаху анх) мындай деген: "Бир кеме менен сапарга чыккан элек. Кеме бороондон улам бир аралга карай багыт алды. Аралга жакындаганда кемеден түштүк. Аралда бутка сыйынган бир адамды көрүп, мындай дедим:
- Эмне үчүн бул бутка сыйынып жатасың? Бул бут кандай пайда жана зыян алып келет.
- Сиз кимге сыйынасыз?
- Бардык нерсени жараткан, бардык нерсеге ээлик кылган, бардык нерсеге күчү жеткен Аллаху таалага ибадат сыйынабыз.
- Бул нерсени сизге ким билдирди?
- Аллаху таала карим бир Пайгамбар жиберди. Ал аркылуу бизге билдирди.
- Ал Пайгамбар кайда?
- Аллаху тааланын бизге жиберген динин билдирип, жеткирүү вазыйпасын аткаргандан кийин кайтыш болду. Аллаху таалага жетти.
- Андан сизге эч кандай белги калган жокпу?
- Албетте, Ал Аллаху тааладан бир китеп алып келди. Азыр ал китеп (Курани карим) биздин жаныбызда.
- Мага көрсөт.
Курани каримди ага көрсөттүм. Карап туруп мындай деди:
- Мен муну окуганды билбеймин.
- Курани каримди ачып, ага бир сүрө окудум. Мен окудум, ал ыйлады.
Сүрөнү окуп бүткөндөн кийин:
- Ылайык болгону ошол, эч ким бул сөздүн ээсине моюн сунбаган болбосун.
Ушундай деп мусулман болду.
Курани каримден бир канча сүрө окунганды жана өзүнө жете тургандай дин маалыматтарын үйрөндү. Ошол түнү куптан намазын окугандан кийин жата турган убакыт келди. Ал жатпастан таң атканга чейин ибадат кылды. Шакирттериме: "Бул жаңы мусулман болду. Ортобуздан бираз акча жыйнап берели, кыйынчылык тартпасын”, - дедим. Ошентип жыйналган акчаны алып барсак мындай деп суроо узатты:
- Бул эмне?
- Өзүңө керектүү нерсе ал, кыйынчылык тартпа.
- Лаа илаха иллаллах. Мен бул убакытка чейин бул аралда путка сыйынчумун. Аллаху тааланы билчү эмес элем. Бирок, Ал мени унутукан жок, коргоду. Азыр болсо Аны тааныдым. Эми мени унутчу беле?
Үч күндөн кийин ал адамдын ооруп төшөккө жатып калганы тууралуу бир кабар алдым. Дароо жанына барып: "Бир каалооң, муктаждыгың барбы?” - деп сурадым. "Менин муктаждыгымдын бардыгын Аллаху таала камсыздады”, - деп жооп берди.