Хадиси шарифтерде мындай делет:
«Досуң менен аны таарынта тургандай тамашалашпа!» (Тирмизи)
«Көп күлгөн адамдын кадыры азаят. Тамашасы көп адамдын салмактуулугу азаят.» (И.Асакир)
«Тамашасы чындык болгон адамга Аллаху таала ал үчүн жоопкерчилик жүктөбөйт.» (И.Асакир)
«Ченемсиз тамашалашкан адамдын кадыры азаят.» (Дайлами)
Хазрети Омар: «Көп күлгөн адамдын айбаты азаят, көп тамашалашкан адамдын кадыры азаят», - деди. Рабия айым: «Күнөө болбогон иштерде көңүл ачуу үчүн тамашалашуу адамгерчиликке жатат», - деген.
Даанышман аалымдар айтышат:
Бардык нерсенин уругу бар. Душмандыктын уругу – тамаша менен мазактоо. Эй, уулум, аз тамашалаш, көбү адамдын кадырын жоготот, ал эми жаман адамдардын сага каршы батымын көбөйтөт.
Тамашалашууну толугу менен жоготуу да достордун жактырбоосуна жана жакындыктын үзүлүүсүнө жол ачат. Бир ишти жасаганда чаалыгып, чарчаган болсоң жасап аткан ишиңди бираз убакытка токтото тур, тыныгып ал, бираз тамашалаш, ушундайча өзүңдү ынтаалант. Бирок, тамашалашууң тамакка кошулган туз сыяктуу болсун. Тамакка кошулган туз көбөйүп кетсе тамактын даамын кандайча буза турган болсо, тамаша да ошондой. Чектен чыкпоо керек. Өтө аз болсо ынтаабызды, көңүл-маанайыбызды калыбына келтирбейт. Тамаша көңүлдөгү бошоңдукту жана жумуштан чаалыгууну кетире тургудай өлчөмдө болуусу керек.
Азилдешкенде да адептүүлүктү сактоо керек. Мисалы, устаз шакиртине, ата-эне баласына тамашаласа шакирт менен перзент муну тескери пайдаланбоосу керек.