Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Эшегин жоготкон киши




Эшегин жоготкон киши


Өтө салих (жакшы) адам Жума күнү үйүндө ун  калбагандык тан буудайды эшегине артып,  тегирменди карай жолго чыгат. Тегирменге келип,  капты түшүрүп жатканда эшеги качып жөнөйт.  Эшегин издей турган болсо Жума намазына кечиге  тургандыктан: "Сен кайда барсаң барабер, мен  Раббимдин буйругунун сыртына чыкпаймын, түптүз  Жума намазга барамын" - деп, мечитке карай бет  алды. Жума намазынан чыгып, кайтып келгенде  тегирмендин айланасында эшегин таба албайт. "Мен  үйгө барып, кичине тыныгайын, кийинчерээк издөөгө  чыгамын" деген ой менен үйүнө кайтат. Үйүнө  жакындаганда эшегинин үнүн угат. Аялынан: "Эшек  үйгө кайдан келди?" - деп сурайт. Аялы: "Оо, абышка,  айтсам ишенүүгө болбой т урган, жүрөгүм  жарылгыдай катуу коркуп кеттим. Бир арстан эшекти  үйгө чейин кубалап келди, мен коркуп кеткенимен  үйгө качып кирип жашындым. Терезеден карасам  арстандын кетип калганын көрдүм" - дейт. Күйөөсү  таң калат. Аялы: "Абышка, курсагыңыз ачка чыгар э!  Ысык нан бышырып койдум, жеп алыңыз", - дейт.  Күйөөсү ого бетер таң калып: "Үйдө ун жок эле го, унду  кайдан алдың?" – деп сурайт. Аялы: "Кошунабыз  тегирменге барган экен, адашып биздин унду алып  келиптир, адашканын түшүнгөн соң үйгө алып келип  берди. Дагы бир нерсени айтайын дедим эле,  кошунабыз багын сугарып жүргөндө арыктын суусу  ташып, биздин бак дагы сугарылыптыр!" - дейт.  Жанагы киши буларды уккан соң колдорун жайып,  дуба кыла баштайт: "Йа, Раббим! Мен сенин бир гана  буйругуңду орундадым, сен болсо менин үч  жумушумду бүтүрдүң. Канчалык шүгүр кылсам да аз.  Сага чексиз шүгүрлөр болсун!". 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш