Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Эмне жеп-ичип жатасыңар?




Эмне жеп-ичип жатасыңар?


Йемен башчыларынан Абу Бакр бин Абдуррахман  Саккаф хазреттери заманында бир канча жаш жигит  шайтанга алданып, бир күнү айылдын четине  барышты. Эс алып ичимдик ичишмек. Эч ким көрбөй  турган бир далдоо жерге барышты. Жаман иш  кылып жаткандарын билишет эле. Боло турган  көрүнүш го... Дал ичимдик ичиле турган маалда бул  жаш жигиттерди узактан Абу Бакр бин Абдуррахман  Саккаф хазреттери көрүп, ичимдик ичип жаткандарын байкап калды. Жандарына келип  сурады 

- Жаштар, эмне ичип-жеп жатасыңар? 

- Үйдөн бир нерселерди алып келип жеп жатабыз. 

- Алдагы бөтөлкөлөрдө эмне бар? 

- Бал шербети бар мырзам. 

- Мен дагы ичсем болобу? 

Ичтеринде бир коркуу пайда болду жаштардын!  Бирөөсү титиреген абалда мындай деди: 

- Ээ, неме мырзам! Албетте, келиңиз ичиңиз! Бирок  сиз ичпей эле койсоңуз жакшы болот. Сизге жакпайт. 

- Болот мен бардык шербеттерди жакшы көрөм. 

Берилген шербетти колдорунан алып ичип, жаштарды карай бурулуп мындай деди: 

- Ооба, бул бал шербети абдан даамдуу, таттуу  экен. 

Өзү дагы бөтөлкөдөгү шербеттен чөйчөктөргө куюп, балдарга берди. 

- Алгыла, силер дагы ичкиле! 

Жигиттер ал заттын берген шербеттерин ичишкенден кийин таң калып туруп калышты. Тескерисинче, ичкендери даана бал шербети эле. Бул абалды көрүшкөндөн кийин бардыгы катуу  таасирленишип, дароо тообо кылышты.  Кийин колдорун кармап, кечирим сурашып,  шакирти болушту. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш