Убагында бири-бирин абдан жакшы көргөн эки бир тууган жашаптыр. Улуусунун аты Халил, кичүүсүнүкү Ибрахим. Халил үй-бүлөлүү, бала-чакалуу, ал эми Ибрахим болсо бойдок эле. Орток болуп, дыйканчылык үчүн чоң талааны иштетишчү. Эмне эгишпесин түшүмүн тең бөлүп алышчу. Ошентип тиричилик кылышчу.
Бир жылы буудайдын түшүмүн алып, экиге бөлүштү. Иш буудайды үйгө ташууга келген эле. Халил мындай сунуш айтты: "Бир тууганым! Мен барып каптарды алып келейин. Сен буудайларды карап тур!” Ибрахим: "Макул ага», - деди.
Халил кап алып келүүгө кеткенде Ибрахим ойлонуп: "Байкем үй-бүлөлүү жана бала-чакасы бар. Ага көбүрөөк буудай керек”, – деп анын жыйылып турган буудайына өзүнүкүнөн бир канча күрөк кошуп койду.
Бираздан соң байкеси Халил каптарды алып келип мындай деди: "Ибрахим биринчи сен каптарды толтуруп алып бар”. Ибрахим өзүнүн тарабындагы буудайдан капка толтуруп, үйүнө жөнөдү. Ал кеткенден кийин Халил ойлонуп мындай деди: "Шүгүр кыламын менин үй-бүлөм, бала-чакам бар. Тууганым болсо бойдок. Ал дагы көп эмгектенип, акча чогултуп, үйлөнүүсү керек”. Ал дагы өз үлүшүнөн Ибрахимдин буудайына бир канча күрөк кошуп койду.
Кыскасы бири-биринен кабарсыз бирөө кетсе экинчиси, экинчиси кетсе биринчиси өз буудайынан бир канча күрөк кошо беришти. Мындай абал улана берди.
Ошентип кеч кирип, айлананы караңгы баса баштады. Карашса буудайлары такыр түгөнбөйт, атүгүл, азайган да жок.
Аллаху таала буудайларына ушундай бир берекет берген экен, эки бир тууган күндөр бою буудайды ташып бүтүрө алышпады. Мындай көрүнүшкө абдан таң калышты. Кампалар буудайга толуп-ташты.
Бүгүн "Береке” сөзү айтылганда дароо бул бир туугандар эске түшөт. "Халил-Ибрахим берекеси” деген сөз белгилүү болот.