Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Шамга күйгөн манжалар




Шамга күйгөн манжалар


Бир күнү кыш мезгилинде Стамбулда бир үйдөн өрт чыгат. Өрт  өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүүгө аракет кылышат. Өрт катуулап бир  вазирдин үйүн да каптайт. Ал үйдө вазирдин сулуу бир кызы бар  эле. Кыз өрттөн улам үйдөн качып чыгып, көчө бойлоп каякка  баратканын этибар албастан чуркап жөнөйт. Чуркап отуруп,  абдан чарчаган абалда бир мечиттин короосуна кирет. Бурчтан  бир жарык көрүп, ичкери кирип барат. Бул бөлмөдө бир шакирт  шам жарыгы менен сабак окуп жаткан эле.  

Жигит ыңгайсыз абалда сурайт: 

- Сен кимсиң? Жинсиңби?.. Эмне үчүн келдиң?..  

- Өрт чыкты, мени бул түндөн куткар! 

- Мен бойдокмун, бул жерде кала албайсың. 

- Бул кыштын суук түнүндө караңгыда кайда бармак элем? Чарасыз абалда калган жигит кызга суу берип, жата турган  жерин көрсөтүп, кайра сабак окууну улантмакчы болот. Бирок,  бир башкача болуп сабагын окуй албайт. Кыз кыйналгандыктан  ары-бери ооналактап жатып, жоолугу чечилип калат. Бул маалда  шайтан "Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба! Мындай сулуу кыз жана  мындай мүмкүнчүлүк башка болбойт! Эчким да көрбөйт...” деп  васваса берет. 

Жигит дароо өзүнө келип, күйүп турган шамга бармагын тосуп  мындай дейт: "Бул шам сага тозоктун оту сыяктуу. Бул күнөөсүз  кызга тийе турган болсоң күйөсүң!.. Алгач бул шамдын табына  чыда!.." 

Бармагы катуу күйгөн абалда сабагын окуй баштайт. Бирок,  кайра ошол васвасанын айынан өзүн кармай албайт. Шайтанга  баш ийбөө үчүн таң атканга чейин өзү менен канча ирет  алпурушуп, башка бармактарын да күйгөзөт. Таңга жуук кыз  ойгонуп, жоолугун салынып, абалды акырын байкап турат.  Айланага жарык киргенде жигиттен үстүнө кийе турган чапан  алып, ал жактан чыгып кетет. Өрттөн кутулган жакындарын табат.   Кызын аман-эсен көргөн апасы сүйүнгөнүнөн кучактап ыйлайт.  Бирок, түндү кайда өткөргөнүн билгенде апасы катуу жинденип,  күйөөсүна кабар жиберет. Вазир арабасы менен кызын алып,  окуя болгон жерге барышат. Колдору таңылган жаш жигитти  көрүп, мындай деп ойлонот: "Демек сөз болуп жаткан жигит ушул.  Күнөө кылбоо үчүн напси менен күрөшүп, колдорун шам чыракка  күйгүзүптүр..." 

 Абалды жакшылап сурап билгенден кийин мындай дейт: "Мамлекетибиз сиз сыяктуулардын бийик ахлагы менен  сакталып турат. Менин үйүмдө жашап, оку. Кааласаң кызымды  да сага берейин...” Ошентип акыры ал жигит ошол кыз менен баш кошту.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш