Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Бирөөгө ор казба




Бирөөгө ор казба


Бирөөнү буттан чалуу, ор казуу көбүнчө ичи тардыктан пайда болот. Ичи тар адамдар башкалардын  өзүнөн жогору жана ийгиликтүү болууларын көрө албайт.  Алардын жетишкендиктерин көргөндө ичи тардыгы артып, ал эми башына кыйынчылык келгенде кубанат.  Мындай жаман мүнөдүү болуу өтө кооптуу. Хадиси  шарифте: "Кимде-ким жактырбаган адамына балее кырсык, кыйынчылык келгени үчүн кубана турган  болсо, Аллаху таала ал адамга да ошондой балээ кырсык жиберет” - делген. Бирөөнө ор казсаң өзүң  түшөсүң деген элибизде айтылган сөздүн түпкүрү динибизден келет. 

Бир күнү Абу Жахил Пайгамбарыбызга «саллаллаху  алейхи ва саллам» бир тузак даярдамакчы болуп үйүнүн  алдына бир чуңкур каздырат. Кийин Расулуллахты үйүнө  чакырат. Пайгамбарыбыз бул чакырыкты кабыл алып Абу  Жахилдин үйүн карай жолго чыгат. Үйгө жакындаган кезде Жабраил алейхиссалам келип Абу Жахилдин үйүнүн алдына тузак кылып чуңкур каздырганын айтат. Бул кабарды алган Пайгамбарыбыз өз үйүнө артка кайтат. Абу  Жахил болсо Расулуллахтын артка кайтып кетүүсүн түшүнө албай себебин сурамакчы болуп үйүнөн жүгүрүп  чыгып, эшиктин алдына бутун басар замат өзү каздырган  чуңкурду унутуп ага түшүп кетет. 

Чыгарыш үчүн жип узатышса да жипке жете албайт.  Жип узарган сайын чуңкур тереңдей берет. Бул абалда  турган Абу Жахил чуңкурдун ичинде акыл-эсин жоготчу  абалга жетет. Расулуллахка кабар берилип, өзүн чуңкурдан чыгаруусун өтүнөт. Абалды Пайгамбарыбызга  билдиришет. Дароо чуңкурдун жанына келип айтат: 

- Сени чуңкурдан чыгарсам ыйман келтиресиңби?

Абу Жахил кабыл кылат. 

Пайгамбарыбыз мубарек колдорун созуп, Абу Жахилди чуңкурдан чыгарат. Абу Жахил чуңкурдан чыгар  замат: 

- Өмүрүмдө сенчелик күчтүү сыйкырчыны көргөн эмесмин, – деп ыйман келтирбейт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш