Напсинин азыгы – арамдар. Киши арам менен азыктанган кезде кылбаган жамандыгы калбайт. Напсини эң көп семирткен күнөө – кул (адам) акысы. Анткени, бардык күнөөлөр тообо менен кечирилет. Бирок, кул акысы тооба кылуу менен гана кечирилбейт, акысын өтөө, адалдашуу (кечиримин, ыраазычылыгын алуу) да шарт. Хазрети Омарга ал дагы пенде болгондуктан бир жумуш үчүн акча керек болуп калат. Саад бин Абу Ваккас хазиреттерине барып карыз сурайт. Ал: "Йа, Амирал муминин, байт-ул-мал (мамлекет казынасы) колуңда, барып ошол жерден каалаганыңча карыз ал да, кийин өтө! Эмнеге мында келип, башкалардан карыз сурап жатасың?” – деп айтат. Ошондо Хазрети Омар мындай деп айтат: "Өлүп калсамчы? Сен менин досумсуң. Сени менен келише алабыз. Керек болсо, балдарым өтөйт. Сен бир адамсың, акыңды мага адал кылып, кечип да жиберишиң мүмкүн. Бирок, мен байт-ул малдан (казынадан) акча алып, өлө турган болсом менин бала-чакам ким менен адалдашат? Байт ул-малда жүз миңдеген адамдын акысы бар. Алардын баарын жеке-жеке таап, "Атамдын карыздарын кечкиле” деп айтуу мүмкүн эмес го. Мен колумду отко кантип узатайын?”
Арамдан канчалык көп сактансак ошончолук Аллаху тааланын жардамына жетебиз. Такыбаанын, б.а., арамдардан сактануучу бир адамдын бир маал намазы арамдарга маани бербеген адамдын миң жылдык намазынан алда канча кундуураак. Себеби, Аллаху таала такыбааларды жакшы көрөт.